Бишкектин четинде хорсбол ойногон француздар менен канадалыктар. Видео

112
Бишкектиктер менен Чүй облусунун тургундары хорсбол оюнуна күбө боло алышты. Бул Токтогулда өтчү чемпионаттын алдындагы көрсөтмө беттеш болду.

Хорсбол ат үстүндө ойнолуп, өзүнө регби менен баскетболдун элементтерин камтыйт. Ар бир командада төрт, ага кошумча запаста бир оюнчу болот. 10 мүнөттөн турган эки таймдан турган оюнда команда атаандашынын алкакчасына болушунча көбүрөөк топ салышы керек. Спорттун бул түрү Франциядан башат алган.

Көрсөтмө оюнда француздар, канадалыктар менен кыргызстандыктар беттешип, таймаш 6:6 эсеби менен жыйынтыкталды.

Кыргызстанда хорсбол акырындап өнүгүп келе жатат. 14-февралда Токтогул районунда жыл сайын өтүп келген чемпионат болот. Турнирдин жыйынтыгы менен Францияда өтчү дүйнө чемпионатына катышуу үчүн КРдин хорсбол боюнча курама командасы түптөлмөкчү.

112
Белгилер:
баскетбол, регби, Канада, Франция, Токтогул, Бишкек, хорсбол
Тема боюнча
Батир утам деп кыл чайнашкан эрендер. Кара-Суудагы аламан улактан 20 сүрөт

Тизелеп, тилектештикти билдирип… АКШ полициясынын видеосу

90
Американын Де-Мойн шаарындагы нааразычылык акциясы жүрүп жаткан маалда полиция эл алдында тизелеп турду.

Муну менен тартип коргоочулар акцияга чыккандарга тилектештигин билдирип, расизмге жана адилетсиздикке каршы экендигин билдиришкен.

Шаар администрациясынын айтымында, митинг коменданттык саат алдында болгон. Ага катышкандар өздөрү эле үйүнө кайтышкан.

46 жаштагы афроамерикалык Жордж Флойддун өлүмүнөн кийин АКШда өткөн жумадан тарта нааразычылык акциялары башталып, ал башаламандыкка айланып кетти. Бир нече шаарга коменданттык саат киргизилип, полиция кызматкерлери тартипке көз салганы менен чатактын мизи кайта элек. Нааразычылык акциясынын катышуучулары Флойдду өлүмгө дуушар кылган полиция кызматкерлерин катуу жазалоону талап кылышууда.

90
Белгилер:
видео, нааразычылык акциясы, полиция, АКШ
Тема боюнча
Америкалыктар бизнесин мародерлордон курал менен коргоп жатат. Видео
Өмүрүн тобокелге салып тартышкан. АКШдагы башаламандыкты баяндаган 12 сүрөт

Мен Жорж Флойдмун. АКШдагы акциялар дүйнөгө жайылды. Видео

109
Коронавирустан арыла электе дүйнө каршылык акцияларына тушукту. Митингге чыккандар расизмге жана полициянын зомбулугуна каршылыгын билдирип жатат.

Алгач полицияга кармалып, андан кийин каза болгон афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнө байланыштуу акциялар окуя болгон Миннеаполис шаарында башталган. Тез арада АКШ аймагына, андан соң башка мамлекеттерге да жайылып кетти.

Колдоруна "Дем ала албай жатам", "Акыйкатсыздык жок, демек тынчтык жок" деген плакаттарды көтөргөн адамдар Нидерландда, Испанияда, Аргентинада, Улуу Британия менен Германияда акцияга кошулушту. Ал эми Грецияда митингчилер консулдуктун жанындагы АКШнын желегин өрттөп жебиришкен. Канада менен Францияда да башаламандык болуп, полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонууга аргасыз болгон. Окуя болгон жерлерден тартылган видео назарыңыздарда.

109
Белгилер:
консулдук, желек, башаламандык, дүйнө, полиция, өлүм, акция, АКШ
Тема:
АКШда афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки башаламандык
Тема боюнча
Өмүрүн тобокелге салып тартышкан. АКШдагы башаламандыкты баяндаган 12 сүрөт
Расизмби же анархиябы? АКШ оңой эмес тандоо алдында турат
Жогорку Кеңештеги депуттар отурган зал. Архивдик сүрөт

Шайлоо босогосун 7 пайызга түшүрүү боюнча мыйзам долбоору экинчи окуудан өттү

0
(жаңыланган 15:09 04.06.2020)
2010-жылы шайлоо босогосу 5 пайызды, 2015-жылы 7 пайызды түзгөн. Андан соң 2017-жылда 9 пайыздык чек коюу мыйзамы  кабыл алынган.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн  шайлоо босогосун 9дан 7 пайызга түшүрүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Аталган документ парламенттик бүгүнкү жыйындын күн тартибине экинчи окууга киргизилген. Депутаттар бул ирет суроо берип, талкуу жаралган жок, мыйзам долбоору добуш берүүгө токтоосуз жөнөтүлдү. 

Натыйжада 104 депутат макул деген добуш берип, каршы чыккандар болгон жок.

Биринчи окууда 101 депутат колдоп, тогузу каршы добуш берген болчу

Мыйзам долбоорун Талант Мамытов, Өмүрбек Бакиров, Азиз Турсунбаев, Кубанычбек Нурматов башында турган 21 депутат демилгелеген.

Деген менен дал ушундай эле мыйзам долбоорун буга чейин депутаттар Мирлан Жээнчороев, Исхак Масалиев, Жанар Акаев, Наталья Никитенко, Дастан Бекешев демилгелеп, босогону 5 пайызга түшүрүүнү сунушташкан. Ал мыйзам долбоору азырынча карала элек.

Буга байланыштуу биринчи окууда эки мыйзамдын авторлорунун ортосунда талаш жаралган.

Эскерте кетсек, 2010-жылы шайлоо босогосу 5 пайызды, 2015-жылы 7 пайызды түзгөн. Андан соң 2017-жылда киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, 9 пайыздык чек коюу үстүбүздөгү жылдын январынан тартып күчүнө кирген.

0
Белгилер:
парламент, пайыз, мыйзам, босого, шайлоо
Тема боюнча
Биринчи мыйзам каралбай калган. Шайлоо босогосу боюнча жаңы демилге сунушталды
КРди парламенттик же президенттик башкарууга өткөрүү боюнча мыйзам долбоору жарыяланды