Башаламандыктан улам Кыргызстанга качкан казакстандыктардын абалы. Видео

Жазылуу
Массалык мушташтын айынан Кордай районунан казакстандыктар коңшу Кыргызстанга кирип келген. Биз алардын учурдагы абалын билүүгө аттандык.

Кыргызстанга акыркы күндөрү кирген казакстандыктардын саны боюнча маалыматтар ар башка чыгып жатат. Жамбыл облусунун акими Бердибек Сапарбаев бир нече күн ичинде чек арадан 24 миң жаран өткөндүгүн айтты. Буга чейин ал сандар 8-12 миңдин тегерегинде делген болчу.

Негизинен качкындар Масанчи жана Сортөбе айылдарынан келген. Кыргызстан тараптан аларды чек арачылар тоскон. Бир катарларын туугандары алып кетсе, дагы бир даарын алардын абалына кайдыгер карабаган жарандар үйүнө киргизип алган. Учурда бир канча үйлөрдө 30га жакын кишиден жашап жатышат.

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстанга акыркы күндөрү качып кирген казакстандыктардын саны боюнча маалыматтар ар башка чыгып жатат
Башаламандыктан улам Кыргызстанга качкан казакстандыктардын абалы. Видео - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга акыркы күндөрү качып кирген казакстандыктардын саны боюнча маалыматтар ар башка чыгып жатат

Качкындар кантип оокат кылууда?

Эл карап турбай гуманитардык жардам жөнөтүүдө. Алар кийим-кече, жууркан-төшөк, азык-түлүк жана турмуш-тиричиликке тиешелүү оокаттарды берип кетип жатат. Көмөк жөнөкөй кишилерден жана Кыргызстан элдеринин ассамблеясынан көрсөтүлүүдө.

© Sputnik / Табылды КадырбековСбор гуманитарной помощи беженцам из Казахстана, прибывшим в Кыргызстан из-за беспорядков в Кордайском районе
Эл карап турбай гуманитардык жардам жөнөтүүдө  - Sputnik Кыргызстан
1/3
Эл карап турбай гуманитардык жардам жөнөтүүдө
© Sputnik / Табылды КадырбековСбор гуманитарной помощи беженцам из Казахстана, прибывшим в Кыргызстан из-за беспорядков в Кордайском районе
Гуманитардык жардам негизинен Кең-Булуң айылына түшүп, андан ары таратылып жатат - Sputnik Кыргызстан
2/3
Гуманитардык жардам негизинен Кең-Булуң айылына түшүп, андан ары таратылып жатат
© Sputnik / Табылды КадырбековСбор гуманитарной помощи беженцам из Казахстана, прибывшим в Кыргызстан из-за беспорядков в Кордайском районе
Жардамды жөнөкөй кишилер жана Кыргызстан элдеринин ассамблеясы көрсөттү - Sputnik Кыргызстан
3/3
Жардамды жөнөкөй кишилер жана Кыргызстан элдеринин ассамблеясы көрсөттү
1/3
Эл карап турбай гуманитардык жардам жөнөтүүдө
2/3
Гуманитардык жардам негизинен Кең-Булуң айылына түшүп, андан ары таратылып жатат
3/3
Жардамды жөнөкөй кишилер жана Кыргызстан элдеринин ассамблеясы көрсөттү

Гуманитардык жардам негизинен Кең-Булуңга (мурдагы Дружба айылы) түшүп, андан ары үйлөргө таратылып жатат. Дунгандар ассоциациясынын өкүлдөрү Казакстандан келгендердин тизмесин түзүп, азык-түлүк жана оокаттарды бөлүштүрүүдө.

Коопсуздук

© Sputnik / Табылды КадырбековКачкындар Масанчи жана Сортөбе айылдарынан келген. Кыргызстан тараптан аларды чек арачылар тоскон.
Башаламандыктан улам Кыргызстанга качкан казакстандыктардын абалы. Видео - Sputnik Кыргызстан
Качкындар Масанчи жана Сортөбе айылдарынан келген. Кыргызстан тараптан аларды чек арачылар тоскон.

Айыл менен чек арага жакын аймакты Кыргызстандын күч кызматкерлеринин өкүлдөрү көзөмөлгө алууда. Милиция кызматкерлеринин айтымына караганда, чагымчылык кылгандар жок, абал тынч. Жергиликтүү калк мурда келгендер менен учурда келип жаткандарга ысык тамак уюштурууда.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖергиликтүү калк мурда келгендер менен учурда келип жаткандарга ысык тамак уюштурууда
Башаламандыктан улам Кыргызстанга качкан казакстандыктардын абалы. Видео - Sputnik Кыргызстан
Жергиликтүү калк мурда келгендер менен учурда келип жаткандарга ысык тамак уюштурууда
"Кыргызстандыктардын мындай учурда ийиндешип тура каларына кайрадан күбө болдук. Казакстандыктар кыргызстандыктарга өтө ыраазы. Казакстандын бийлик өкүлдөрү келип, алардын жарандары кандай шартта жашап жаткандыктарына күбө болуп, ыраазылыгын билдиришти", — деди Кең-Булуң айылындагы дунгандар коомунун башчысы, жергиликтүү кеңештин депутаты Рамазан Бабазов.

Анын айтымына караганда, казакстандыктар мекенине акырындап кете баштады. Бир катарлары туруктуулукту сезсе, дагы башкалары мародерлук башталып кетет деп коркууда. Ал арада Казакстан бийлиги Кыргызстандагы өз жарандарын кайра кайтууга үндөп жатат. Чек арадан мекенине кайткандар байкалууда.

Эмне болду эле?

5-февралда Масанчи айылында эки топтогу эркектер арасында мушташ чыгып, анын кесепетинен 80 жаштагы казакстандык киши жабыркаган. Жыйынтыгында аксакалдар кеңеши чырды жөнгө салган.

Как сейчас выглядит казахское село, где были беспорядки. Видео - Sputnik Кыргызстан
Өрттөнүп, күлгө айланган үйлөр. Мушташ болгон казак айылынын азыркы көрүнүшү
7-февралда Казакстандын Жамбыл облусунун Кордай районундагы Сортөбе жана Масанчи айылдарында кайрадан чыр чыккан. Полиция кызматкерлерине кол салуу, массалык мушташууга айланып кеткен топтошкон уруш болуп, үйлөр өрттөнгөн. Бул айылдар Кыргызстандын Чүй облусунун Токмок шаарына жакын жайгашкан. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев чатактан чагымчылдар пайдаланып кетүүгө аракет кылганын айтты.

Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, башаламан мушташтан 10 адам каза таап, 50гө жакын киши жаракат алган. 165и медициналык жардам сурап кайрылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0