Дарыгерлер коронавирус менен ооруган бейтаптарга бийлеп беришти. Видео

Жазылуу
Расмий маалымат боюнча, бүгүнкү күндө оорудан каза тапкандардын саны 1 113 адамга жетти. Ал эми Кытайда вирус жуктуруп алгандар 44,6 миң киши болду. Анын 4 740ы сакайып чыккан.

Видео Кытайдын оору чыккан Ухань шаарында бейтаптарды дарылоо үчүн курулган убактылуу госпиталдардын биринен тартылган.

Кадрлардан улуттук музыканын коштоосунда бейтап менен бийлеп жаткан эки медикти көрүүгө болот. Алар коргоочу костюмдарды кийип алышкан. Оорулуулар бири-биринен бир жарым метрдей алыс туруп бийлешкен.

Маалыматта мындай аракети менен госпиталдын кызматкерлери бейтаптардын маанайын көтөрүү үчүн жасашканы айтылат.

Биз анализ тапшыра турган лабораториялар тууралуу маалымат чогулттук. Баасы, дареги, телефон номерлери

Жаңылыктар түрмөгү
0