Мунуңуз мал доктур го... Момбековдун Мадумаровду сындаган видеосу

Жазылуу
Депутат Рыскелди Момбеков вице-премьерлик кызматка сунушталган Акрам Мадумаровду сындап, кесипкөйлүгүнөн шек санады.

Эл өкүлү мурдагы вице-премьер Жеңиш Разаков "ишин эптей албай кетти" деген пикирин билдирип, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылды.

"Кызыл-Кыядагы мугалимдерге кандай кыйкырса мага да ошондой кыйкырсын деп атайын галстук тагынбай келдим. Ушул жигитти бир байкайын дедим. Сиз апендинин кызындай мактаган Жеңиш Разаков Баткенге төрт жыл губернатор, кийин вице-премьер болуп төрт метр жерди да чечпей кетти. Анда да жөн кетпей "үй-бүлөлүк маселени калыбына келтирүү керек. Ошондуктан арыз жаздым. Чек араны чечүү маселеси көп жылдарга уланат, мен баштаган ишти аягына чыгаруу керек беле же жок беле аны кудай билет" деп чекит коюп жатат", — деди Момбеков.

Ал ошондой эле дагы бир Баткендин губернатору вице-премьерликке сунушталганын белгилеп кетти.

Вице-премьерликке сунушталып жаткан Акрам Мадумаров - Sputnik Кыргызстан
Мадумаров галстук тагынбаган мугалимдерди зекигенине түшүндүрмө берди
"Мындан башка талапкер жок беле? Улукбек Кочкоровго окшогон мыкты жигит бар чекист, чечен. Мунуңуз деле мал доктур экен го. Ара чолодо аксап калып, дагы уят болуп калбайсызбы? Өзүңүз сунуштап жатасыз жоопкерчилик мойнуңузда болот", — деди Момбеков.

Учурда Мадумаровдун талапкерлиги парламенттин жалпы жыйынында каралууда. Бүгүн түшкө чейин аны көпчүлүк коалиция менен ЖК комитети колдогон. Ал дайындалып калса күч түзүмдөрүн жана чек ара маселелерин тескейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0