Кран айдоо эркектерге ылайык эмес. ЖЭБде иштеген кранчы Айзат айым менен маек

Жазылуу
Негизи эле кесибин сүйүп, ага жан дили менен берилип өтөсүнө чыгуу — бакыт. Ал эми аял кишиге ылайыгы жок деп эсептелген кесипти аркалап кеткен кыз-келиндер алкоого гана арзыйт.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Жылуулук электр борборунда кран айдап иштеген Айзат Семиренко менен баарлашып, балалык кыялын кантип ишке ашырганын билди. 

— Бала чагыңыз кайда, кандай өткөн?

Предприниматель Нуркан Жанакова - Sputnik Кыргызстан
Жолдошуман ажырагандан кийин коркуп жумушка чыкпай калдым. Ишкер айымдын маеги
— Казакстандын Кызыл-Ордо облусунда төрөлгөм. Атам казак, ал эми апамда татар менен украиндин каны бар. Апамдын жерлиги Чүй өрөөнү экен. Кыргызстанга 1970-жылы көчүп келгенбиз. Үч бир тууганым бул жактан төрөлдү. Мектепке да Беловодское айылына барып, ошол жактан окууну аяктадык. Кичинемде абдан жоош, анан арык кыз болчумун. Башталгыч класста окуп жүргөн кезимде окуу китебинен ар түркүн кесиптер тууралуу ыр жаттаганбыз. Ошондо мугалим менден: "Сапарова, чоңойгондо ким болосуң?"— деп сураса кранга кызыгарымды айтканым эсимде.

— Кран айдоого кандайча кызыгып калдыңыз?

— Бул кесип менин бала чагымдан берки кыялым болчу. 3-класста окуп жүргөндө мектептеги курбум менен анын апасынын иштеген жерине, кирпич заводуна кошо баргам. Апасы кран айдап иштечү. "Жүрү, өйдө чыгып апаңа барабыз" десем, корком деп кетенчиктейт. "Анда мен барам" деп кранга чыгып кеттим. Чыктым, эки жакты карадым. Көзүмө эми укмуш көрүндү. Бийик, баары алаканга салгандай. Билбейм, ошондон кийин эле кранга кызыгып, ал менин кыялыма айланды. Кийин 8-классты бүткөндөн кийин ширетүүчү иштери боюнча кесиптик билим алдым. Ал эми 18 жашымда, 1986-жылдын сентябрында эңсеп жүргөн кран айдоочу (машинист мостовых кранов — ред.) курсуна барып үч ай окудум. Дароо эле, 1987-жылдын январында Ак-Суу үй куруу комбинатында кесибим боюнча иштеп баштагам. Андан бери 30 жылдын жүзү болду. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАйзат Семиренко ЖЭБдин кранчысы: "Улуу Ата Мекендик согушка чейин кран айдоо эркектерге гана таандык кесип болуп келген. Согушка дени-карды соо эркектерди алып кеткенде, бул кесипке аялдар тартыла баштаган"
Кран айдоо эркектерге ылайык эмес. ЖЭБде иштеген кранчы Айзат айым менен маек - Sputnik Кыргызстан
Айзат Семиренко ЖЭБдин кранчысы: "Улуу Ата Мекендик согушка чейин кран айдоо эркектерге гана таандык кесип болуп келген. Согушка дени-карды соо эркектерди алып кеткенде, бул кесипке аялдар тартыла баштаган"

— Жолдошуңуз менен кандайча таанышып калгансыз?

— Курбум табыштырган. Анда мен 19 жашта болчумун. 1989-жылы августта таанышып, ошол эле жылдын декабрында баш коштук. Ортодо бир кызыбыз бар. Кийин турмуш бизди эки башка жолго салды. Азыр кызым менен турам. Эки неберем бар, бактылуу таенемин. Жакында эле улуу неберем: "Апа, сиз пенсияга кеткенде краныңызды мага белек кыласызбы?" — деп сурады. 18ге чыкса кранымды белек кылууга сөз бердим.

— ЖЭБде канчадан бери иштейсиз?

— 2006-жылдан бери. Жумушум да, кесиптештерим да жагат. Иш күнүм эртең менен 7:00дөн 16:00гө чейин. Өзүм Москва районунун Беловодское айылында жашайм. Көбү "таң атпай жумушка кантип жетишесиң?"  деп сурайт. Эч кыйналбайм, көнүп калгам. Анан да жумушка барып, краныма отуруп, ишимди так аткарып, кесиптештерим менен көрүшүү — жашоомдун негизги бөлүгү. Мунсуз жашоом түгөл болбой калчудай.

— Кесибиңизди өзгөртүү тууралуу ойлондуңуз беле?

— Советтер Союзу кулаган маалда жеп-ичерге эч нерсе таппай, ишсиз калганда айла жоктон башка иштерде иштөөгө туура келген. Ошондо подъезддерди сырдап иштеп жүрдүм. Ал ортодо анча-мынча бизнес, соода жасадым. Анан кайра эле мүмкүнчүлүк болору менен өзүмдүн краныма кайттым. 

© Фото / пресс-служба Нацэнергохолдинга КРАйзат Семиренко: Слава Янкин келип "кранды жүргүз"— деп буйруду, мен ага Пуховасыз айдай албасымды айтсам эле ушундай акырая карады. Айласыз жалгыз рулга отурууга туура келген. Ошонун эртеси эле өз алдымча кран айдай баштадым.
Кран айдоо эркектерге ылайык эмес. ЖЭБде иштеген кранчы Айзат айым менен маек - Sputnik Кыргызстан
Айзат Семиренко: Слава Янкин келип "кранды жүргүз"— деп буйруду, мен ага Пуховасыз айдай албасымды айтсам эле ушундай акырая карады. Айласыз жалгыз рулга отурууга туура келген. Ошонун эртеси эле өз алдымча кран айдай баштадым.

— Кранга алгач отурган күнүңүздү эстесеңиз. Корктуңуз беле?

— Албетте, эсимде. Кран айдоочулардын курсун аяктап жатканда практикага бардык. Насаатчыбыз да бар. Ал киши бизди кранга отургузуп, кантип айдоо керектигин үйрөтчү. Бир жолу иш күнү аяктап калганда насаатчыбыз Рая Пухова менин отура турушумду айтып чыгып кеткен. Бир маалда стропальщик Слава Янкин келип "кранды жүргүз" деп буюрду, мен ага Пуховасыз айдай албасымды айтсам ушундай акырая карады. Айласыз жалгыз рулга отурууга туура келген. Ошонун эртеси эле өз алдымча кран айдай баштадым.

— Маанайыңыз жок же көңүлүңүз алагды болуп турганда рулга отуруу көйгөй жаратпайбы?

— Биз көнүп калганбыз. Андай тынчсыздануу жок. Кранга жаңы отурганда эле бир аз коркком, андан бери канча убакыт өттү.

— Жакындарыңыз кесибиңизге кандай карайт?

— Беш бир тууганмын. Үч кыз, эки уулбуз. Эң кызыгы, үч эже-сиңдинин тең кесиби кран айдоочусу. Ал аз келгенсип, улуу агамдын кызы да вагон оңдоочу заводдо кран айдап иштейт. Бизде кран айдоочулардын үй-бүлөлүк династиясы түзүлгөн (күлүп). Сиңдилерим да мени көрүп эле өз каалоосу менен ушул кесипти тандашты. Азыр экөө тең Россияда. Апам тандообузга ыраазы, кран айдоо курсуна барууга кеңеш берген да ушу киши болчу. Атам болсо эрте эле каза болуп калган. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАйзат Семиренко: беш бир тууганмын. Үч кыз, эки уулбуз. Эң кызыгы, үч эже-сиңдинин тең кесиби кран айдоочусу. Ал аз келгенсип, улуу агамдын кызы да вагон оңдоочу заводдо кран айдап иштейт. Бизде кран айдоочулардын үй-бүлөлүк династиясы түзүлгөн.
Кран айдоо эркектерге ылайык эмес. ЖЭБде иштеген кранчы Айзат айым менен маек - Sputnik Кыргызстан
Айзат Семиренко: беш бир тууганмын. Үч кыз, эки уулбуз. Эң кызыгы, үч эже-сиңдинин тең кесиби кран айдоочусу. Ал аз келгенсип, улуу агамдын кызы да вагон оңдоочу заводдо кран айдап иштейт. Бизде кран айдоочулардын үй-бүлөлүк династиясы түзүлгөн.

— Негизи кранды эркектер айдайт деген түшүнүк бар эмеспи...

Кыргызстандагы биринчи проктолог айым Гүлмира Сарман - Sputnik Кыргызстан
Балага телефон берип горшокко отургузуп койсо, геморрой болот да! Проктологдун маеги
— Улуу Ата Мекендик согушка чейин кран айдоо эркектерге гана таандык кесип болуп келген. Согушка дени-карды соо эркектерди алып кеткенде, бул кесипке аялдар тартыла баштаган. Муктаждыктан улам 18 жашка толгон кыздардын арасынан кран айдоого окутуп, рулга отургузган. Негизи кран айдоону эркектерге ылайык кесип дешет. Мен буга кошулбайм, тескерисинче, аялдардын кесиби деп айтар элем. Анткени ал кылдаттыкты, этияттыкты талап кылат.

Мен да кылдат, аяр болууну үйрөндүм. Аркалаган ишти сүйүш керек. Ошондо бир нерсеге жетишесиң. Маянам деле канааттандырат. Коллективде үч гана аял барбыз, калгандары эркектер. Иште да аял катары сый-урмат менен мамиле кылып турушат. Ушунун баары иштөөгө, алдыга умтулууга, жакшы маанайга шарт түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0