Бомбаланган Дрезден: АКШ, Улуу Британия Германиянын маданий очогун неге жок кылды

Жазылуу
1945-жылдын 13үнөн 14-февралга караган түнү АКШ менен Улуу Британиянын аскер аба күчтөрү Дрезден шаарына асмандан сокку урган. Бомба жааган эки күн ичинде калаанын 80 пайызы талкаланган.

Жок кылынган имараттардын 25 пайызы өнөр жай жана аскер объектилери болгон. Негизинен шаардын борбору бутага алынган. Бомбалоонун тактикасы башынан эле Дрездендин жумшактан күлүн гана калтырууга багытталган эле. Алгач имараттардын чатырларын жулуп кеткен бомбалар ташталган, андан соң эч нерсесин калтырбай өрттөй тургандарын ыргытышкан.

Ар кыл маалыматтарга караганда, асмандан жааган бомбадан 25 миңден 250 миңге чейин адам жабырланган. Германиянын бүгүнкү бийлиги шаардын 25 миң жашоочусу каза тапкандыгын расмий айтып келет. Союздаштар Германиянын маданий борборун кандай ырайымсыздык менен жок кылганын биздин видеодон көрө аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0