Рекорддорду каттоо боюнча "Интеррекорд" агенттиги жасалган лагмандын салмагы 797 килограмм 750 грамм деп расмий катталганын жар салды. Муну менен алар буга чейин казак ашпозчулары жасаган рекорддон ашып түшкөнү айтылат.
Иш-чарага конок катары Кыргызстандын биринчи космонавты Салижан Шарипов, музыкант Ухтам Хакимов, "На-На" тобунун продюсери Бари Алибасов жана башкалар чакырылган.
Роботтун эки колу бар, ал кудум адамдыкына окшош. Текчеден тиешелүү азык-түлүктү өзү эле алып, кууруп, бышырып, ал тургай күйгүзүп жибербей аралаштырып да турат. Отту азайтып же керек болсо көбөйтөт.
Бир нерсе төгүлүп же чачылып кетсе, жыйнап да коёру маалым болду. Идиш-аякты кадимкидей жууйт.Түзүүчүлөр темир ашпозчунун эсине тамак-аш жасоонун беш миң ыкмасын киргизип коюшкан. Авторлор ээси тажап кетпеш үчүн кулинария китебин ай сайын жаңылап турууну пландап жаткандыктарын айтып беришкен.
Роботтун баасы учурда болжол менен 40,8 миң — 74,8 миң доллардын тегерегинде экендигин айтышты.
"Барселона" клубунун капитаны Лионель Месси бильбаолук "Атлетик" командасы менен Испаниянын суперкубогунун финалында орой оюну үчүн беттештен куулду. Бул тууралуу Р-Спорт маалымат булагы жазды.
Севильяда өткөн чечүүчү беттеште "Атлетик" 3:2 эсеби менен утуп, Испаниянын суперкубогун алды.
Интернеттеги жеткиликтүү маалымат базасы менен алектенген Gracenote компаниясы Месси "Барселона" клубундагы карьерасында өткөргөн 753 беттешинде биринчи ирет кызыл айып кагазын алып, оюндан четтетилгенин Twitter баракчасында белгиледи.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ырчы Самара Каримованы музыкалык окуу жайга кайрадан дайындоо боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы доо арыз менен сотко кайрылды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Анда Биринчи май райондук сотунун судьясы процессуалдык мыйзамдардын бузулушуна жол бергени белгиленет.
"Эмгек укугу боюнча адистер жана тажрыйбалуу юристтер менен кенен талкуулаган соң министрлик Биринчи май райондук сотунун чечимине макул болбой, 15-январда Бишкек шаардык сотуна доо арыз менен кайрылды", — деп айтылат маалыматта.
Маданият министрлиги келтирген жүйөлөр:
Министрликтин атынан сотко ыйгарым укугу жок өкүл катышкан. Демек, бул процедуралык мыйзамды одоно бузуу болуп саналат;
КР Жарандык процессуалдык кодексинин талабы боюнча өкүлгө ишеним кат берилиши керек. Сотко баруудагы ишеним кат 2020-жылдын 14-октябрында кызматынан бошотулган министр Азамат Жаманкулов тарабынан берилген. Бирок 14-октябрда министр болуп Нуржигит Кадырбеков дайындалган. Сот азыркы министрден жаңы ишеним кат талап кылышы керек болчу;
Доогер Самара Каримова 2020-жылдын ноябрь айында, башкача айтканда, жумуштан бошотулгандан эки жылдан кийин кызмат ордун калыбына келтирүү жөнүндө доо арыз жазган. Эмгек кодексинин 414-беренесине ылайык, эки айдын ичинде ыйгарым укуктуу органга кайрылышы керек. Доогер сотко кайрылуу мөөнөтүн өткөрүп жиберген.Ошондой эле бул ишке тиешеси бар кызматкерлерге карата министрликте кызматтык иликтөө жүргүзүлөрү айтылды.
Эске салсак, КРдин эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Оштогу Ниязалы Борошев атындагы Музыкалык окуу жайына соттун чечими менен директор болуп келген. Бирок аны эмгек жамааты кабыл албай, бир топ талаш-тартыш жаралууда. Ал эми кечээ, 18-январь күнү кечинде, директордун кабинетинин эшигин бузуп кирген.
Ырчы аталган музыкалык орто окуу жайына директор болуп 2018-жылдын октябрында дайындалып, эки күндөн кийин ал буйрук кайра жокко чыгарылган.
Ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов дайындоо мыйзамсыз болгонун билдирген.
Каримова экс-министрдин чечимин сотко берип, утуп алганы быйыл 13-январда маалым болду.