Футбол талаасына чуркап чыккан иттин ич жылыткан видеосу

399
Түркияда футбол беттеши болуп жаткан учурда оюн талаасына чуркап чыккан ит калыстар баштаган бир топ кишилерди убарага салса, көрүүчүлөрдүн суктантып, ичин жылытты. 

 Жылмаюу тартуулаган видео "beIN Sports" YouTube каналына жарыяланган.

Окуя Түркиядагы "Фатих Кара гүмрүк" жана "Гиресун" клубдарынын беттешинде – биринчи лига учурунда болгон.

Оюнчулар эки тарап болуп туруп, жаңыдан гана топ тепкенге камынганда эл отурган тараптан лабрадор тукумундагы ит талаага, дал футболчулардын жанына чуркап чыккан. Баары аңдып турган топту андан ары тоголотуп, куйругун шыйпаңдатып, кишилерге бербей талаша баштаган. Калыстардын аны тартипке чакырабыз деген аракети майнапсыз болгон. Спортчулардын бири топту оюн талаасынын четин көздөй тепкенде ит анын артынан чуркап кетип, бирок кайра топту тиштеп келе жатканын көрүүгө болот. Абалды командалардын биринин капитаны оңдоп кеткен. Лабрадорду алаксытып туруп, кармап алып, андан соң көк майсаңдан көтөрүп чыгып кеткен. Көрүүчүлөр тараптагы темир тордун ары жагына киргизип жиберген да өзү командасына кайтып келген.

Оюн талаасына ит эле эмес, кишилер, ал тургай жылаңачтанган аялдар да чуркап чыккан учурлар кездешип келет. Маселен, буга чейин модель кыздын биринчи таймда талаага чуркап чыга калып, "Ливерпуль" менен "Тоттенхэмдин" оюнун үзгүлтүккө учураткан видеосу тараган.

399
Белгилер:
футбол, Түркия, ит, оюн, талаа
Тема боюнча
FIFA рейтинги: Кыргызстандын футбол командасы артка кетти
Артык кылам деп... Футболчу өзүнүн дарбазасына гол киргизип алган видео

Бир айдан бери түтөп жатат! Бишкекте карьердеги өрт кантип өчүрүлүүдө. Видео

101
Дээрлик бир айдан бери калаанын түштүк тарабындагы быкшыган карьер өчүрүлбөй жатат. Күйүктүн жыты шаардын түштүк тарабын каптоодо. Sputnik Кыргызстандын кабарчылары жерине барып, шаар бийлиги көйгөйдү кантип чечип жатканын көрүп келди.

Бул көйгөйдү биринчилерден болуп шаар тургундары айтып чыкты. Алардын бири Михаил Дудиндин билдиргенине караганда, сасык жыттан улам айнекти ачып уктоого мүмкүн болбой калган.

"Түн ортосунда киши чыдагыс жыттан улам ойгондум. Ошондон кийин бир нече күн айнектерди ачкан жокпуз. Өрт өчүрүүчүлөр келип, суу чачып кетишет. Бирок бир нече саттан кийин таштанды кайра күйө баштайт", — деди Бишкек тургуну.

Баса, карьер көптөн бери иштетилбей калган. 1990-жылдардын аягында бул жерден топурак алышчу. Кийин, шаардыктардын айтымында, карьерге кайрадан топурак төгүлчү, ал эми өткөн жылдын жайынан бери таштанды ыргытылып жатат. 2020-жылдын жазынан тарта таштандыларды тобу менен алып келип төгө башташкан.

Караңгыдагы алоолонгон жалын. Бишкектеги өрттүн асмандан тартылган видеосу

Отту өчүрүү үчүн кескин чаралар көрүлө баштаганын Октябрь районунун акиминин орун басары Таалайбек Акматбаев айтат.

"Азыр жеринде бульдозер иштеп, таштандыларды көтөрүп жатат. Биз анын алдындагы оттун тутанган жерин табышыбыз керек", — деди ал.

Орун басардын айтымында, жергиликтүү бийлик органдары таштанды ыргыткан адамдарга бир нече жолу айып пул салышкан. Бирок шаардыктар көнгөн адатын токтотушкан эмес.

101
Белгилер:
өрт, таштанды, карьера, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектин 11-кичи районундагы быкшыган түтүн токтой элек. Видео

"Данияр, сен чынчыл адам экенсиң". Лукашенко менен Үсөновдун жолуккан видеосу

4844
(жаңыланган 13:38 12.08.2020)
10-августта Беларусь президенти Александр Лукашенко агро өнөр жай комплексинин долбоору менен таанышты. Долбоор тууралуу ага Даниил Урицкий айтып берген. Жолугушууга Кыргызстандын ТИМи реакция кылды.

Беларустун президенти Александр Лукашенко Минск облусуна барып, жогорку технологиялык агро өнөр жай толук циклдүү өндүрүшүнүн инвестициялык долбоору менен таанышты. Аны Даниил Урицкий (Данияр Үсөнов азыр өзүн ушинтип атап жүрөт) жетектеген "Беларусь улуттук биотехнологиялык корпорация" жабык акционердик коому ишке ашырууда. Бул боюнча СТВ сюжет даярдаган.

Долбоор тууралуу айтып берип жаткан Урицкий алардын баасы дүйнөлүк нарктан жогору экенин айтып, "биздин дыйкандын эмгеги татыктуу бааланышы керек" деген.

Данияр Үсөнов менен Лукашенконун сүрөтү. Бишкекте ТИМ Беларусь элчисин чакыртты

Андан соң Лукашенко колун Урицкийдин ийинине коюп: "Саясат бул жерде, Данияр, бирөө гана болушу керек, ал адамдар. Мен сенин принципиалдуу, чынчыл адам экениңди, белорустарды таарынтпай турарыңды көрүп турам, анткени алар эмгекчилдик жагынан кыргыздарга окшош", - деп айтканын көрүүгө болот.

Бул жолугушуунун сүрөттөрү 10-августта эле тарап, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Беларусь Республикасынын элчилигинин өкүлүн чакырган. Анда кыргыз тарап КРдин мурунку премьер-министри, соттолуп издөөдө жүргөн Данияр Үсөновдун ээн-эркин жүрүшү боюнча түшүндүрмө талап кылган. 

Мужчина, похожий на беглого премьер-министра КР Данияра Усенова, который сегодня именует себя Даниилом Урицким с президентом Беларуси Александром Лукашенко на встрече в Минской области
Өзүн Даниил Урицкий деп атаган качкын өкмөт башчы Данияр Үсөновго окшош кишинин Беларустун президенти Александр Лукашенко менен түшкөн сүрөтү

Курманбек Бакиевдин тушундагы акыркы өкмөт башчы кызматынан Апрель революциясынан кийин кол жууган. Үсөнөвдун өкмөтү болгону 3,5 ай иштеди. Ал апрель окуясы боюнча сыртынан соттолуп, учурда Даниил Урицкий болуп Беларуста жашайт.

4844
Белгилер:
жолугушуу, Сүрөт, Тышкы иштер министрлиги, Александр Лукашенко, Даниил Урицкий, Данияр Үсөнов
Тема боюнча
Жээнбеков Лукашенкону кайрадан президент болуп шайланышы менен куттуктады
Лукашенко Данияр Үсөновго окшош киши менен жолукту. Сүрөт
Россиянын коронавируска каршы вакцинасы

Коронавируска каршы вакцина: гениалдуу нерсенин баары жөнөкөй

0
(жаңыланган 22:59 12.08.2020)
Россия дүйнөдө биринчилерден болуп коронавируска каршы вакцинаны каттоодон өткөргөнүн жар салды. Колдоп ыраазычылык айткандар, сындап нааразы болгондор да кездешти дейт дарыгер Сергей Царенко.

Биз, дарыгерлер, коронавирус жуккан бейтаптарды дарылап айыктырууда моноклоналдык антителону, стероиддерди, вируска каршы дарыларды колдонуп, ийгиликке жеттик. Ооругандар азыраак көз жума баштады, ал эми оор абалда жаткандарды баары бир өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырууга аргасыз болдук.

Ар бир он кишинин алты-сегизи оорукана ичиндеги инфекциядан каза тапты. Андай ноокастарды жаңы антибиотиктер сактап калмак эле. Бирок аларды иштеп чыгуу үчүн көп жылдар керек. Дагы башка жолу бар. Ал – адамдарды оору жуктурбай аман алып калуу. Бардык жагынан алганда бул жакшы. Адам оорубайт, айланадагыларына илдетти жуктурбайт. Негизи адам кеселге канчалык туруштук берсе, коомчулуктун иммундук катмары калың болуп, эпидемия эртерээк кайтат.

Путин COVID-19га каршы россиялык алгачкы вакцина каттоодон өткөнүн кабарлады

Азырынча ооруга болгон туруктуулук эгерде ал ооруп айыкса гана калыптанат. Дагы бир коопсуз жолу бар, ал — иммунизация. Анан калса Гамалея институтунун адистери иштеп чыккан майнаптуу жана коопсуз вакцина бар. Бул институт автомобиль курууда "Мерседес" кандай кадыр-барктуу бренд болсо, микробиологияда дал ошондой дөө-шаа.

Мен академиктер Гинцбург менен Логуновду көп жылдан бери жакшы билем. Алардын кызматкерлери менен туруктуу бактерияларга каршы күрөшүү боюнча жаңы ыкмаларды иштеп чыгып келе жатабыз. Мындан сырткары, Эбола жана MERS вирусуна каршы вакцина чыгарышты. Жөн гана ойлоп чыгарып коюшпай, аны майнаптуу жана коопсуз кылышты.

Адам үчүн коопсуз болгон аденовирус ташып жүрүүчү ракета сымал орбиталдык станцияга коронавирустун кичинекей бөлүгүн жармаштырып койду. Аны адамдын ичине, организмине кое берди. Мындан улам экөөндө тең иммунитет пайда болду. Ийгиликти бекемдеш үчүн ошондой эле "орбиталдык станцияны" башка аденовируска "ташып жүрүүчү ракетага" кое беришти. Кайрадан иммунитет пайда болду. Жыйынтыгында эки аденовируста алсызыраак (себеби ал организмге кереги жок да), ал эми коронавирустан — туруктуу жана ишенимдүү иммундук коргоо жаралды. Сонун, гениалдуу.

Каттоодон өткөн россиялык вакцина жапырт колдонууга качан чыгары айтылды

Вакцинаны ыктыярчы адамдарга сынап көрүштү. Алардын бардыгы Гамалея институтунун кызматкерлери эле. Алар аркылуу биринчи поезд өттү! Мындан кийин вакцинаны аскер кызматкерлерине сынашты. Биринин да ден соолугунда көйгөй жаралган жок, бардыгында кубаттуу бир иммунитет пайда болду.

Албетте, бүткөн ишке сынчы көп. Басылмаларда сындар жаады. Көп сөздөр айтылды. Акыркысына эле токтолсок, чочуй тургандай нерсе. Инфекцияны толук жок кылбайт же антитело вирустун клеткага киришинин натыйжалуулугун күчтөндүрөт (ADE) дешти. Бул адис эместер үчүн коркунучтуу. Ал эми вирусологдор ADE натыйжасы Денге лихорадкасы үчүн эле эмес, вакцинация менен да байланышпагандыгын билишет. Калган учурларды майнапты пробиркадан гана көрүшөт.

Ушул жерден суроо жаралат. Басылмалардагы бул кампанияны ким каржылап жатат? "Көз карандысыз" эксперттер кимден көз каранды? Полишинель сыры: россиялык окумуштуулардан артта калып калган башка вакциналардын өндүрүүчүлөрүнөн көз каранды. Дагы вируска каршы дарыларды чыгаргандар бар. Кээде ал препараттар оору менен күрөшүүдө майнабын берет. Бирок ал оорунун жеңил түрүнө кабылганда жардамчы, бирок башка кыйыр таасирлери толтура.

Россияда COVID-19га каршы вакцина алгандар ооруканадан чыкты. Видео

Иштеп жүргөн бизге окшогон дарыгерлер, мисалы, ушундай майда нерселерди көргөндө уяласың. Бизге качан коронавирус жуктурган бейтаптар келбей калат, эпидемиядан улам кол жетпей жаткан башка ооруларды качан дарылайбыз деп күтөбүз.

0
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Россия: коронавируска каршы чыгарылган бир вакцина баарына жарай бербейт