Бельгияда адамдардын сөөгүнөн тургузулган дубал табылды. Видео

Жазылуу
Мындай табылганы археологдор жер казып жатканда табышкан. Илимпоздор дубал кандай максатта тургузулганы боюнча божомолдорун айтып чыгышты.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Адамдардын башы жана башка дене мүчөлөрүнүн сөөгүнөн тургузулган дубал Бельгиянын Гент шаарындагы Ыйык Бавон соборунун жанынан табылды. Бул тууралуу "Известия" порталы The Brussels Times басылмасына таянуу менен жазды.

Египетте археологдор 4 400 жыл мурунку сыры өчпөгөн Ватайе аттуу аалымдын күмбөзүн табышты - Sputnik Кыргызстан
Египетте 4400 жыл мурунку сыры өчпөгөн күмбөз табылды. Сүрөт
Аталган дубал XV кылымда өлгөн адамдардын сөөгүнөн XVII–XVIII кылымдарда курулганы маалымдалды. Археологдордун божомолунда, каза болгон адамдарды көмүүгө жер бошотуу үчүн көрүстөнгө мурда коюлган сөөктөрдү көчүрүшкөн. Себеби диний ишенимдер боюнча адамдын сөөгүн ыргытып салууга тыюу салынган.

Археологиялык топтун өкүлү Рубен Виллаэртанын айтымында, тарыхый табылга туристтер үчүн сакталбайт. Себеби Собордун аймагына жаңы мекеме куруу үчүн сөөктөрдү алып салуу пландалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0