Польшалык сенатор "Жамгыр төктү" ырын созуп берди. Видео

Жазылуу
Польшанын парламентинин сенатору өзүнүн өлкөсүндө кыргыз кафесинин ачылышында Түгөлбай Казаковдун чыгармасын аткарып берди.

Польшадагы Познани шаарында "Айпонукунда" деген биринчи кыргыз кафеси ачылды. Анын ээси кыргызстандык жубайлар Айпери Тынчбекова менен Бакыт Орозбаев. Бул тууралуу окурмандар Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Водитель КамАЗа, предпринимательница Жайна Нурмамбетова - Sputnik Кыргызстан
КамАЗ айдап, мотор басып, Кара-Кечеден көмүр ташыган Жайна. Ишкер менен маек
Тамактануучу жайдын ачылышына жубайлардын мекендештери, кесиптештери жана достору келген. Алардын арасында сенатор Ян Филипп Либицкий дагы болду. Ал куттуктоо сөзүн айтуу менен "Жамгыр төктү" ырын созуп берди.

Кафенин ээси жана башкы ашпозчу Айпери Познанга билим алуу үчүн келген. Бул жерден келечектеги жолдошу менен таанышып, кийин чогуу кафе ачууну чечишкен.

"Алгач мен үй-бүлөм жана досторум үчүн эле түрдүү тамактарды жасачумун. Кийинчерээк ресторанда иштеп тажрыйба топтодум. Бир күнү шаардагы райондордун биринен бош орунду байкап калып, кафе ачам деген кыялымды орундатууну чечтим", — деди Айпери.

Ал ошондой эле жолдошу болбосо мындай кадамды жасай алмак эместигин кошумчалады.

Кафенин кардарлары ашкабактан жасалган манты, оромо, самсы жеп, чалап ичип, десертке чак-чак заказ кыла алышат. Менюда жалаң Орто Азия ашканасынын даамдары.

Жаңылыктар түрмөгү
0