Сабырдуу экен. Пандалардын ветеринар жигиттин айласын кетирген видеосу

Жазылуу
Интернетке пандалар ветеринардын айласын кетирип жаткан учурдун видеосу чыкты. Анда атайын кийимчен жигиттин колуна щприцин кармап алып бир топко чейин ал эки жаныбарды эпке келтире албай жаткандыгын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Жылмаюу тартуулаган видео YouTube каналга жарыяланган.

Маңыроолугу, баладай баёолугу менен өзгөчөлөнгөн бул жаныбарлардын адатта өзүнөн-өзү убара болуп, андан сырткары аларды караган, кам көргөн адамдардын бутуна илешип, жабыша бергени менен маалым.

Панда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Зоопарктагы эң кары панда туулган күнүн белгиледи
Бул сапар да орто чоңдуктагы пандалар ветеринардын айтканына оңой менен көнө бербей, бирде далысына жабышса, бирде буттарына оролгон. Видеону карап туруп андагы жигиттин чыдамдуулугуна баа бербей коюуга болбойт. Бир нече тамчы суюктукту алардын оозуна тамчылатуу үчүн ветеринар бир топ эле убара болгон.

Sputnik Белоруссия агенттиги бул видео Кытайдын Чэнду шаарындагы чоң пандаларды изилдөө борборундагы байкоо камераларынын бирине тартылгандыгын жазды.

Буга чейин да мамлекеттик камкордукка алынган бул жаныбарлардын биринин өзү менен өзү ойноп, кызыкка батып, ал эми четте карап тургандардын жүрөгүн элжиреткен видеосу жарыяланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0