Күрткү алдында калган уулун жарым сааттан кийин тапкан ата. Видео

Жазылуу
Баланын атасы өмүрүндө эч качан мынчалык коркпогонун айтып берген. Көрсө, бала күрткүдөн секирип өтөм деп карга көмүлүп калган экен.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Улуу Британиянын жашоочусу Гиллон Кэмпбелл жарым саат бою жарым метрлик кар алдында калган 11 жаштагы уулун аман алып калды. Бул тууралуу Daily Mail жазды

Маалыматта үй-бүлө Франциянын Альпы тоолорундагы Шамони курортунда лыжа тээп эс алып жүргөнү айтылат. Үй ээси бир трассадан кийинкисине өтүп жүргөн маалда уулу Фокстун жок болуп кеткенин байкайт. Алгач Кэмпбелл баласы апасынын жанында жүрөт деп ойлоп, андай эмес экенин аңдаганда уулун акыркы ирет көргөн жерге жөнөйт.

"Эркек киши жаңы эле лыжа тээп өткөн жер мурдагысынан башкача болуп калганын байкаган. Дароо GPS-трекерди күйгүзүп, сигналдарды угат да кар алдында кимдир бирөө бар экени айкын болот. Күрөктү ала калып, турган жерин казып кирет. Баланын атасы өмүрүндө эч качан мынчалык коркпогонун айтып берди", — деп жазылат макалада.

Жарым метрдей казгандан кийин Кэмпбелл уулун көрөт. Катуу үшүсө да аман калган бала атасына "рахмат" деп айтууга жараган. Андан кийин аларга куткаруучулар жардамга келишкен.

Көрсө, бала күрткүдөн секирип өтөм деп карга көмүлүп калган экен. Тестиер эч кандай жаракат алган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0