Уханда жаш дарыгерлер оорукананын ичинен баш кошушту. Үлпөттүн видеосу

Жазылуу
Кытайдын Ухань шаарында тараган коронавирустун айынан жаш дарыгерлер Юй Цзинхай менен Чжоу Линьинин баш кошо албай калышкан.

Алар 28-февралда Шанхайда үлпөт тоюн өткөрүшмөк. Бирок COVID-19 вирусу тараганына байланыштуу элдин өмүрүн сактоо менен алектенишип, майрамды токтото турууну эп көрүшкөн.

​Жуптардын тою болбой калганын билген бейтаптар менен кесиптештери оорукананын ичинде үйлөнүү салтанатын уюштуруп, дарыгерлерге жагымдуу маанай тартуулашкан. Иш-чара "Лейшеншан" медициналык жайында өткөн.

"Тоюбуз өтпөй калганына такыр өкүнгөн жокпуз. Биз дарыгербиз, элди оорудан сактап, өлкөгө эпидемия менен күрөшүүгө жардам беришибиз керек", — дешкен жаңы үйлөнгөн жубайлар.

Аземге "Лейшеншан" ооруканасынын башкы дарыгери менен Шанхайдагы Рэндзи госпиталынын жетекчиси күбө болгон. Жаш жубайлардын тоюна Кытайдын ар кайсы жериндеги 12 медициналык бригада келгени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0