Германияда министр коронавирустан коркуп Меркель менен кол алышпай койду. Видео

Жазылуу
Германиянын ички иштер министри Хорст Зеехофер коронавирустан чочулап Ангела Меркель менен кол алышып учурашпай койгон.

Жолугушуудагы учурдун видеосун Sputnik Белоруссия жарыялады.

Түштүк Кореяда Храм скинии свидетельства Шинь-чонджи христиан сектасынын башчысы Ли Ман Хи өлкөсүнө коронавирустун жаңы түрүн алардын сектасы жайылтканы үчүн кечирим сурады - Sputnik Кыргызстан
Түштүк Корея: коронавирус жайылткан сектанын лидери тизелеп кечирим сурады. Видео
Меркель дүйшөмбү күнү мигранттардын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнө катышкан. Жыйынга кирип келатып ал ички иштер министри Зеехофер менен кол алышып учурашайын деген. Бирок министр ага колун сунбай койгон.

Отургандар муну тамаша иретинде кабыл алышкан. Анткен менен Зеехофер буга чейин коронавирустан улам эч ким менен убактылуу кол алышып учурашпай турганын айткан.

Учурда Германияда коронавируска кабылган 150 учур катталганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0