Саатына 600 чакырым менен бараткан! Эки учактын асманда май куйган видеосу

Жазылуу
Россиянын Коргоо министрлиги Ту-160 үлгүсүндөгү стратегиялык бомбалагыч учактын саатына 600 чакырым ылдамдыкта учуп бара жатып, асманда май куйган видеосу чыкты.

Бул туурасында РИА Новости жазды.

Асмандагы май куюу процесси YouTube каналына жарыяланды.

Красиво! Новую фигуру высшего пилотажа показали российские летчики — видео - Sputnik Кыргызстан
Укмуш! Россиялык учкучтардын асмандагы чеберчилиги видеодо
Ал 5000 метрден ашуун бийиктен тартылган. Учуп келе жаткан Ту-160тын тумшук жагындагы темир ачылганын, анын алдында оңтоюн келтирип абада калкыган Ил-78 аба танкерин көрүүгө болот. Маалыматта асмандагы эки ири техниканын аралыгы 30 метрге чукул экени жазылган.

Экинчи аба техникасынын май куюучу түтүгү менен бомбалоочу учакка май куюп жатканы даана тартылган.

Ведомствонун сайтында бул процесс Ту-160 сегиз сааттан ашык учкандыктан ишке ашкандыгы жазылган. Май куюу катаал шартта, тагыраагы, капталдан урган катуу шамал учурунда жасалган.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0