АКШнын экс-вице-президенти Байден карындашын аялы менен алмаштырып алды

Жазылуу
Байден Лос-Анджелестеги шайлоочуларына кайрылып жатканда аларга бир тууганы Валерини тааныштырган. Бирок колу менен оң жагында турган аялын көрсөтүп алган.

АКШнын мурдагы вице-президенти жана президенттик шайлоодо Демократтар партиясынан талапкер болушу мүмкүн делген Жо Байден кокусунан карындашын жубайы менен чаташтырып алды. Саясатчынын сүйлөгөнү америкалык телеканалдардан көрсөтүлгөн.

Анын бир тууганы менен аялын алмаштырып алган жерин журналист Кертис Хук Twitter баракчасына жүктөгөн.

Байден Лос-Анджелестеги шайлоочуларына кайрылып жатып, элге карындашы Валерини тааныштырган. Бирок колу менен оң жагында турган аялын көрсөтүп алган. Жаңылганын байкаган вице-президент дароо аны оңдоого өткөн.

"Булар орун алмашып алган турбайбы, ушинтип мени ыңгайсыз абалга калтырышты", — деп тамашалаган саясатчы.

Президент США Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Трамп коронавирус менен күрөшүү үчүн Конгресстен 2,5 млрд. доллар сурады
Мурдагы күнү АКШда "супер шейшемби" өттү. Анда президенттике талапкерликке аттануу үчүн 14 штатта Демократтар партиясынын ички шайлоолору болгон.

Июлдагы демократтардын съездинде бир талапкер тандалып, ал ноябрда республикачылардан чыккан өлкө башчы Дональд Трампка атаандаш болмокчу.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, Байден сегиз штатта жеңүүчү болсо, анын атаандашы Берни Сандерстин төрт штатта утканы айтылууда.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0