Депутаттардын массалык мушташынын видеосу. Түркиядагы окуя

Жазылуу
Түркияда депутаттар бири-биринин эмоциясын көтөрө албай, акыры баары жапырт мушташып кеткен. Арасында аялдар да жүрөт.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Маалыматта өлкөдөгү оппозициялык партиянын жетекчисинин орун басары президент Режеп Тайип Эрдоганды сындаганын башкалар көтөрө албай, ал урушка айланганы айтылат.

Milliyet басылмасы президентке таандык Адилет жана өнүгүү партиясы менен Элдик республикалык партиянын өкүлдөрү мушташканын жазды.

На видео попала драка депутата партии Зеленского и главного радикала Украины - Sputnik Кыргызстан
Зеленскийдин партиясындагы депутат экс-кесиптеши менен мушташта кетти. Видео
Элдик республикалык партиянын фракция жетекчисинин орун басары Энгин Өзкоч Идлибдеги абалды айтып жатып, президентти саткынчылыкка күнөөлөгөн.

Бул Эрдогандын партиялаштарынын безине тийип, алгач кер-мур айтышып, андан соң чабышып кетишкен. Ал арада жыйын таптакыр эле унутулуп калган.

Залдын ичинде сүрмө топ болуп ары-бери жөөлөшүп жүргөндөрдүн чекесинде аларды арачалай албай жүргөн аял депутаттарды көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0