Сейдакматова: карылыктын өзүнүн жакшы жактары бар экен. Видео маек

Жазылуу
"Sputnik Кыргызстандын алтын фонду" рубрикасынын алкагындагы туңгуч маекти окурмандарга тартуулайбыз. Бүгүнкү каарманыбыз — КРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова.

80 жаш бир кылымга тете курак, бул мезгилдин ысык-суугу, кубаныч-кайгысы, өкүнүч-үмүтү, кеп-кеңеши да арбын. Актриса соболдорубузга бирде жылмайып, бирде муңайып, кээде күйүп-бышып, дагы бир учурда ойго батып жооп берди.

КРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова - Sputnik Кыргызстан
Топудай кыргыздын башына тоодой кайгы үйүлбөсө дейм. Сейдакматова менен дил маек
Жамал Сейдакматова 1939-жылы 21-сентябрда Көлдүн күнгөйүндөгү Темир айылында туулуп-өскөн. Кыргыз драма театрында бир канча жыл иштеп, кийин кыргыз театр өнөрүндө өзүнүн жеке театрын ачууга батынган аял. Бир канча кыргыз жана казак кинолоруна тартылып, экрандын көркүн чыгарган.

Учурда "Туңгуч" театрын жетектеп, аны менен кошо кичинекей балдарга аталган кесиптин күнгөй-тескейин үйрөтүп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0