КР дарыгерлери коронавирусту кантип аныктайт? Лабораториядагы видео

Жазылуу
Учурда коронавирус Кытайдын тышкары 100дөн ашык мамлекетке жайылды. Кыргызстанда вируска кабылган бир да адам катталган жок. Ошентсе да өлкөдө вирустун алдын алуу иштери жүргүзүлүп, дарыгерлер илдетти аныктоонун ыкмасын өздөштүрүштү.

Sputnik агенттиги коронавирус Кыргызстанда кантип аныкталарына кызыгып, лабораториядан видео тартты.

Вирус эки жерде гана аныкталат

Саламаттык сактоо министрлигинин айтымында, вирус эки медициналык жайда: Бишкек менен Ош шаарларындагы ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменттеринде аныкталат.

Бишкектеги департаменттин молекулярдык-генетикалык жана диагностикалык изилдөө лабораториясынын жетекчиси Дамира Ашыралиеванын айтымында, кыргызстандык дарыгерлер россиялык адистердин жардамы менен коронавирусту аныктоонун жолун үйрөндү.

"Биз россиялык кесиптештерге бул боюнча кат жөнөтүп, ооруну аныктоонун тест-системасын алганбыз. Жакында эле ишибизди Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү келип көрүп, дартты туура аныктап жатканыбызды тастыктап беришти", — деди Ашыралиева.

Учурда лабораторияда атайын үч бокс даярдалган. Бирөө дайыма иштейт, экөө бригадасы менен биргеликте запаста турат.

Вирусту кантип аныкташат?

Дарыгер болбогондон кийин вирусологдордун жасап жаткан ишин түшүнүү кыйын. Ошол себептен жөнөкөй тил менен түшүндүрүп бергенге аракет кылалы.

Турнир по кок-бору по случаю празднования Нооруза в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустан улам Нооруздагы көк бөрү турнири өтпөй турган болду
Алгач бейтаптын таңдайынан же мурдунан мазок алынат. Андан соң Полимераздык чынжыр реакция (ПЦР) ыкмасы менен бейтаптан алынган материалдан вирустун нуклеин кислотасы же башкача айтканда, "гени" бөлүнүп чыгарылат. Кийинки баскычта нуклеин кислотасын көбөйтүү үчүн атайын амплификатор аппаратына салынат. Бул медиктерге гендин структурасын толук калыптандыруу үчүн керек. Бир нече убакыттан кийин компьютердин экранынан сызыктар көрсөтүлөт. Анын жыйынтыгы менен бейтапта коронавирустун бар-жогу аныкталат. Жалпысынан изилдөө иши 4-5 саат убакытты алат.

Эгер бейтапта коронавирус аныктала турган болсо, анын клиникалык материалы жиберилген медициналык жайга кабар берилет.

Каалаган киши тест тапшыра албайт

Бул лабораторияга бейтаптардын клиникалык материалдары санитардык-карантиндик пункттардан, Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканадан жана башка медициналык жайлардан алып келинет.

Жүк ташуучу унаанын жанында турган айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тамак-ашы, майы жок. Ирандагы кыргызстандык айдоочулар жардам суроодо. Видео
Дамира Ашыраливанын айтымында, каалаган киши тест тапшыра албайт. Бул үчүн медиктердин көрсөтмөсү зарыл.

"Эгер адам жакын арада чет мамлекетке барып келбесе, коронавирус менен ооруган адам менен байланышта болбосо кооптонуунун кажети жок. Киши өзүнө ишенбей жатса жашаган жериндеги Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна кайрылуусу керек. Ал жактан бизге багыттама бериши керек же анда иштеген адистер жогоруда аталган клиникалык материалды (мазокту) бизге алып келиши зарыл", — деди Ашыралиева.

Адис белгилегендей, учурда тесттен өтүү бекер. Чыгымдалчу материалдар өлкөдө жетиштүү.

Жалпысынан республикада 1300дөй адам лабораториялык изилдөөдөн өтүп, бардыгында тең коронавирус аныкталган эмес.

Коронавирус тууралуу

Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна (ДССУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус COVID-19 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал жарыяланган. Андан бери бул вирус планетанын жашоочуларын кооптондуруп келе жатат.

Соңку маалыматка караганда, вируска кабылгандардын саны 110 034кө жетти. Алардын арасынан 3825и көз жумуп, 61 977 киши сакайып кетти. Вирус жайылган мамлекеттердин саны 100дөн ашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0