Бишкек: 8-марттагы окуяга каршы болгондор митингге чыгышты. Видео

Жазылуу
Бишкекте Уркуя Салиеванын эстелигинин жанына жүздөгөн киши чыгып, митинг өткөрүштү. Алар 8-март күнү болгон акция учурунда түзүлгөн жагдайга нааразы болушту.

Ал күнү феминисттер Бишкекте аялдардын укугун коргоп жүрүшкө чыгышкан. Бирок аларга белгисиз топ тоскоолдук кылып, таратууга аракет кылган. Ортодо пикир келишпестик чыкканда милиция катышуучуларды кармап кеткен.

10-марттагы митингдин уюштуруучулары адамдын конституциялык укуктарынын бузулушуна каршылыгын билдирип көчөгө чыгышты.

"8-мартта болгон окуя биздин өлкөдө адам укуктары бузулуп жаткандыгынын ачык-айкын далили болду, — деди модераторлордун бири.

Катышуучулар "Зомбулукка каршы!" жана "Тынчтык митингдери үчүн!" деген кагаздарды көтөрүп жүрдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0