Улуттук банк башчысы доллардын кымбатташы боюнча жыйын өткөрдү. Видео

Жазылуу
Эки күндөн бери доллар 72,9-73 сомдун чегинде турат. Анын курсу дароо үч сомго кымбаттап кеткен. Бүгүн, 11-мартта, Улуттук банктын башчысы маалымат жыйынын өткөрүүдө.

Доллардын дароо кымбаттап кетишине Улуттук банк өнөктөш өлкөлөрдүн каржы рыногундагы туруксуздук себеп болгонун айтып, Кыргызстандын соода жана каржылык операциялары ушул өлкөлөр менен байланыштуу болгондуктан каржы индикаторуна таасирин тийгизгендигин билдирген.

Кыргызстандын Улуттук банкы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк доллар курсунун жогорулашы боюнча үн катты
Маалымат жыйында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов сүйлөп, валюта рыногундагы абал тууралуу айтып берүүдө.

Белгилей кетсек, рублдин курсу да жакында эле нефтиге болгон баанын түшүшүнөн улам арзандап кетти. Анын курсу сомдон да төмөндөгөн. Бирок бүгүн, 11-мартта, кайра бир сомго көтөрүлдү.

Улуттук банк жакында эле бааны ооздуктоо үчүн 53, 7 миллион доллар сатты.

Жаңылыктар түрмөгү
0