АКШнын Россияга койгон жаңы талаптары

359
АКШ Россия-Америка ортосундагы Стратегиялык чабуул курал-жарактары ( СНВ-3) келишимин узартуу боюнча жаңы талаптарды койду.

Бул Москва менен Вашингтондун ортосундагы куралдуу чектөө боюнча жалгыз макулдашуу. Анын мөөнөтү 2021-жылы февралда аягына чыгат. Ал эми Ак үй бул боюнча сүйлөшүүгө шашылбай, аны узартуу үчүн кошумча шарттарды коюуда. Америкалыктар бул сапар эмне ойлоп тапкандыгын биздин видеодон көрүүгө болот.

359
Белгилер:
макулдашуу, өзөктүк курал, коопсуздук, АКШ, Россия
Тема боюнча
Россиянын жаңы куралдарын чектөөгө киргизүүнү сунуштаган АКШ сынга кабылды
Дүйнө дүрбөй түшкөндө. Ким кандай максатты көздөп, аягы эмне менен бүтөт

Кыргыз-казак чек арасындагы тыгын. Айдоочулардын көйгөйүн баяндаган видеорепортаж

9
Кыргыз-казак чек арасы. Бишкек — Торугарт жолу менен калаадан чыгып баратканда жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги алыстан көзгө даана көрүнөт. Кезек күткөн айдоочулардын көбү Казакстандан Кыргызстанга товар алып келип, кайра кете албай калгандар.

Казакстанга кирүү май айынын аягынан тарта кыйындай баштаган. Акыркы үч күн ичинде коңшу мамлекетке саналуу эле айдоочу кирген. Бирок 3-июндан тарта кыймыл бир аз жанданып, жүк ташыгандар чекесинен өтө баштаган.

Баарынан да тез бузулуп кетчү азыктарды ташыган айдоочулар санааркап жатышат. Жашылча-жемиштери чирип кетпеш үчүн күнү-түнү автоунаанын муздаткычтарын өчүрбөй жаткандыктарын айтышты.

"Россияга 22 тонна сабиз алып бара жаткам, тыгында турганыма үч сутка болду. Күн болсо кайнап, көчөдө 35 градус ысык. Көлөкө жок, талаада 40 градус ысыктай эле сезилип атат. Кондиционер жок болсо сабиз биринчи күнү эле чирип кетмек. Жашылча соолубай турсун деп муздаткыч иштеттим. Ага эле май сатып алганга алты миң сомдой чыгым болдум. Бул чыгымды эч ким төлөп бербейт. Эгер соолуган сабиз алып барсам, анда мага акча да төлөп беришпейт", — деди айдоочулардын бири Умар Ханмончи.

Ысыктын күнү кезек күтүп Умарга окшоп тургандар жүздөп саналат. Алардын баары өз акчасына күйүүчү май алып, кайсы маалда өткөрүп жиберет деп уйку бетин көрбөй кезегин күтүп турган чактары.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, азыркы тапта "Ак-Тилек" жана "Чон-Капка" өткөрмө пункттары гана иштеп жатат. Жүк ташуучу автоунаалардын узун кезегине ушул да себеп болушу ыктымал.

"Автоунаалар дезинфекциядан өтүп, айдоочулардан коронавируска анализ алып жатышат. Муну да эске алыш керек. Кыргыз тарап автоунааларды тез өткөрүү үчүн болгон күчүн жумшап жатканын баса белгилеп кетели", — дешти чек ара кызматынан.

Кыргызстандын жүк ташуучулар ассоциациясынын башчысы Темирбек Шабданалиев буга пандемиянын деле тиешеси жок деп эсептейт.

"Бул көйгөйгө үч жыл болду. Коронавирус Кыргызстан, Казакстанда пайда болгонго чейин эле айдоочулар чек арадан өтө албай 4-5 күндөп турушчу. Баарынан да үч суткалап тургандарга жаман болду. Дагы жакшы аларга жакын жашаган аймактагылар бекер тамак-аш алып келип берип жатышат", — деди Шабданалиев.

Кыргызстандын Экономика министрлигинин кызматкерлери жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары менен жолукканын айтып, алардын көйгөйүн укканын билдиришти.

"Жүк ташуучулардын ассоциация өкүлдөрү менен вице-премьер Эркин Асрандиев жолугат. Мындан тышкары казак тарап менен дагы сүйлөшүүлөр жүрөт. Ал жактан чечим кабыл алынгандан кийин гана жыйынтыгын билдире алабыз", — дешти маалымат кызматынан.

Экономика министрлигинин маалымат катчысы эксперттер көйгөйдү чечүү жолун издеп жаткандыктарын кошумчалады.

9
Белгилер:
жүк, айдоочу, чек ара, Казакстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Казакстанга өткөрчү "Акжол" бекетинде ремонт качан бүтөрү айтылды

Эфирге шымы жок чыгып алган депутат, күлкүсүн араң тыйган кесиптештери. Видео

720
(жаңыланган 16:52 03.06.2020)
Европарламенттин Ирландиядагы депутаты Люк Флэнаган видеоконференция учурунда кесиптештеринин алдында адаттагыдан башкача чыккан.

Европарламент бул учурда айыл чарба тармагынын көйгөйлөрүн талкуулап жатканын The Guardian жазды. Кеп кезеги келген Флэнаган эфирге көйнөкчөн, бирок шымы жок пайда болгон. Төшөктүн үстүндө отуруп сүйлөп жаткан депутаттын анда-санда жылаңыч буттарын кармалап, сылап коюп жаткандыгын көрүүгө болот.

Кадрдан кесиптештери күлкүсүн кыйынчылык менен тыйганын байкоо кыйын деле эмес. Ал докладын бүткөндөн кийин комитет жетекчиси жылмайган тейде, ыраазылыгын билдирген.

Парламентарий шымы жок экени парламенттегилерге көрүнүп калгандыгын билгенден кийин, буга маани беле бербегендигин айткан.

720
Белгилер:
видеоконференция, доклад, күлкү, депутат, жылаңачтануу, Ирландия, Европарламент
Тема боюнча
ЖКда ант берип жаткан судья Конституцияга колун койгонду унутуп калды. Видео