Долларларды сумкасынан алып чыгышты. Пара алды делген судья аялды кармоо учуру

932
(жаңыланган 10:57 13.03.2020)
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы (Финпол) Биринчи Май райондук сотунун судьясын колго түшүрүү учурунун видеосун жарыялады.

Маалыматка караганда, О.М. аттуу судья аял 12-мартта колго түшүрүлгөн. Ал 2000 доллар пара алууга шектелген.

Видеодон көрүнүп тургандай, Финпол кызматкерлери шектүүнүн иш бөлмөсүн тинтишкен. Судьянын кийиминин чөнтөгүнөн тарта шкаф, текче, жеке буюмдары да текшерилген. Жыйынтыгында 2000 долларды анын сумкасындагы ак барактын ичинен табышкан.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө.

932
Белгилер:
видео, пара, судья
Тема боюнча
Ленин райондук салык башкармалыгына жаңы жетекчи келди
Биринчи май районунун судьясы кармалды
Жайнаган 1000 сомдуктар. Ошто сот аткаруучу пара менен кармалган видео

Кежирлигин айт! Карганын кирпини түрткүлөп, жолдон өткөргөн видеосу

278
Кадимки эле асфальтталган жолду туурасынан кесип, басып-баспай кежеңдеп бара жаткан кирпини артынан тумшугу менен чокулап, түрткүлөп өткөрүп бара жаткан чар карганы көрүүгө болот.

Маалыматты "National Geographic Россия" сайтына жарыялады.

Экөөнүн өтүп кетишин бир нече автоунаалар күтүп, казкатар тизилип токтоп калган.

Окуя Латвиянын Огре деп аталган шаарында болгон.

Видеону көргөн киши аргасыздан жылмаят. Кирпи чечен жалкоолондубу же башка себеби барбы, айтор, карганын чыдамын кетиргенин көрүүгө болот. Анткен менен кежирликке моюн бербеген канаттуу кезеги келгенде тумшугу менен тил укпаган, кашаңданган жаныбарды чокуп-чокуп алып жатканы көзгө дароо урунат.

Видеонун алдына комментарий жазгандардын бири "карганын бул камкордугу калп эле, четке чыгарып алып жеши да мүмкүн" деген.

Ал эми дагы бир интернет колдонуучу карганын акылы жети жаштагы баладай деген пикирин айтып, канаттуу кирпини өлтүрүүгө аракет да кылбастыгын жазган.

278
Белгилер:
автоунаа, видео, канаттуулар, чечен, кирпи, чара, Латвия
Тема боюнча
Жол эрежесин көзөмөлдөгөн камерага "фотосессия" өткөргөн тоту куштун видеосу
Саякатчы кирпи Instagram баракчасында жылдыз болууда. Сүрөт

Эки айда үч жолу... РФ истребителдери АКШнын чалгынчы учактарын Сирияга жолотпойт

402
Россиянын истребителдери Сириянын жээгине жакындоого аракет кылган АКШнын Poseidon P-8A чалгынчы учагынын жолун тосту.

Бул окуядан кийин АКШ командачылыгы Россиянын аскер-космостук күчтөрүн ээнбаштык менен кооптуу маневрларды жасап жатат деп кине койду. Алардын айтымында, россиялык истребителдер тыңчы учакка 8 метрге чейин жакын келип, маневр жасоого жолтоо болгон имиш. Чалгынчы учактын жолун бууганга 64 мүнөт кеткен.

Америкалык учактар ушуну менен Сириянын аймагында жайгашкан россиялык аскер объектилерине жакындоого акыркы эки айда эле үчүнчү ирет аракет жасап жатышат.

Өз кезегинде Россиянын Коргоо министрлиги Аскер-космостук күчтөргө таандык учактардын баары эл аралык эрежелерди катуу сактай турганын дайым эскертип келет.

402
Белгилер:
Сирия, армия, Россия, АКШ, чалгынчы, истребитель, учак
Тема боюнча
Крымда универсалдуу десанттык кеме курулат. Россиялык "Мистралдын" өзгөчөлүктөрү

ММУнун Оштогу филиалына Москвадан 100гө чукул адис келип, сабак бермекчи

0
(жаңыланган 20:24 29.05.2020)
Окуу жайга алгач 90го чейин абитуриентти кабыл алуу пландалып жатат. Студенттер бир нече адистик боюнча билим алат.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. ОшМУнун алдында ачыла турган Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалынын имараты аталган калаада курула баштады. Келечекте ал жерге Россиядан жүзгө чукул адис келип билим берет. Бул тууралуу ОшМУнун маалымат кызматы билдирди.

Анда курулуш иштерине Ош мамлекеттик университетинин бюджеттен 76 миллион сом бөлүнгөнү айтылган.

"Окуу жайдын филиалы күз айларында курулуп бүтүп калат. Капсула салуу аземине ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы жана Россиянын Ош шаарындагы башкы консулу Роман Свистин катышты. Филиал ОшМУнун алдында ачылат. Алгач 60тан 90го чейин абитуриентти кабыл алуу пландалып жатат. Студенттерге Москвадан келген жүзгө жакын адис билим берет", — деп айтылат маалыматта.

Университеттин филиалында студенттер колдонмо математика жана информатика, геология, орус тили жана адабияты адистиктерине билим ала алышат. Аны ачуу демилгеси 2019-жылы Кыргызстан менен Россия президенттеринин жолугушуусунда колдоого алынган.

ОшМУнун маалымат кызматы 28-май күнү Ош мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракесинин алкагында Россиянын Түштүк Урал мамлекеттик университети менен ОшМУнун биргелешкен кыргыз-орус факультетин ачуу жөнүндөгү келишимге кол коюлгандыгын да билдирди.

Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети – дүйнөдөгү эң чоң жана тарыхый университеттердин катарына кирет. Курамында 15 илимий-изилдөө институт, 43 факультет бар. Ошондой эле Казакстан (Нур-Султан), Өзбекстан (Ташкент), Азербайжан (Баку), Тажикстан (Душанбе), Армения (Ереван) жана Словенияда (Копер) филиалдары бар.

0
Белгилер:
Ош мамлекеттик университети (ОшМУ), Москва, курулуш, окуу жай, Ош, Кыргызстан, Россия