Учкуч элдин маанайын көтөрүү үчүн асманга "колуңду жуу" деп жазды. Видео

Жазылуу
Учкуч мындай жол менен Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун вирустан коргонуу боюнча кеңешин элдин эсине салып коюуну чечкен.

Австралиялык учкуч коронавирустан айласы кетип турган мекендештеринин көңүлүн көтөрүү үчүн асманга "wash hands" (колуңду жуу — ред.) деп жазды. Окуянын видеосу The Independent басылмасынын Facebook баракчасына жүктөлдү.

Өзүнүн айтымында, ал мындай жол менен Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун вирустан коргонуу боюнча кеңешин элдин эсине салып коюуну чечкен.

14-марттагы маалыматка караганда, Австралияда COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын саны 200гө жетти. Алардын ичинен үч киши каза таап, 23ү сакайып кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0