"Жашыл чарбанын" кызматкери иш убагында Бек Борбиевдин ырын созду. Видео

Жазылуу
"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын кызматкери Мирбек Турганбаев борбор калаадагы парк куруу учурунда кесиптештерине ырдап берди.

Ишканадан билдиришкендей, жагымдуу окуя 13-мартта Кокчетавский менен Түлөбердиев көчөлөрүнүн кесилишинде кызматкерлер эмгектенип жатканда болгон.

Кадрлардан кызматкер микрофон менен КРдин эмгек сиңирген артисти Бек Борбиевдин "Тамчы" аттуу ырын аткарып жатканын көрүүгө болот. Ыр караокенин музыкасы менен коштолгон.

Бүгүн "Жашыл чарбанын" өкүлдөрү Турак жай жана коммуналдык чарбасын аркалагандардын кесиптик майрамын белгилеп жатышат. Алар парк курулуп жаткан жерге дасторкон жайышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0