Финпол "Азиз" базарынан унду кымбат саткан дагы бир адамды кармады. Видео

Жазылуу
Ундун баасын негизсиз жогорулаткан дагы бир жаран аныкталды. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) билдирип, видеосун жарыялады.

Финпол негизги азык-түлүккө болгон бааны жасалма түрдө кымбатташына жол бербөө үчүн тийиштүү чараларды көрүп жатканы айтылат.

"15-мартта Бишкек шаарынын Махатма Ганди, 201 дарегиндеги "Азиз" базарында спекуляция боюнча арыз түшкөн. Анын алкагында Финполдун кызматкерлери атайын текшерип көрүү үчүн барганда, аларга 63 кап унду 104 миң сомго саткан. Ошол эле бир кап ундун базардагы баасы 1300 сом болчу. Бирок аны 1650 сомго кымбаттатып жиберген", — деп айтылат маалыматта.

Ош базарындагы азык-түлүк дүкөнү - Sputnik Кыргызстан
Азык-түлүктүн баасы негизсиз көтөрүлсө каякка кайрылуу керек. Номерлер
Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 216-берене ("Монополиялык аракет жана атаандаштыкты чектөө") менен катталды. Учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.

Буга чейин дагы алып сатарлык менен алектенген бир катар ишкерлерге кылмыш иши козголгон.

Азык-түлүктүн баасы себепсиз көтөрүлө турган болсо, (0312) 32-30-91 жана 32-37-07 номерлери аркылуу Финполдун нөөмөт бөлүмүнө байланышууга болот. Мекеменин кызматкерлери жеринен текшерүү иштерин жүргүзмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0