Канжалаган гиенаны экинчиси чөктүрүүгө аракет кылып... Видео

Жазылуу
Түштүк Африкадагы Крюгер паркында туристтер эки гиенанын дарыянын жээгиндеги кармашына күбө болгон.

Бул окуяны видеого Вики Стивенсон тартып алып, Kruger Sightings паркынын YouTube каналына жүктөгөн.

"Гиеналардын ачуу кыйкырыгын угуп, эмне болуп жатканын билүү үчүн үн чыккан тарапты көздөй жөнөдүк. Дарыянын ичинде эки жырткычтын бири-бири менен кармашып жатканын көрдүк", — деген видеонун автору.

Это пугает! Громадная акула плывет рядом с дайвером — видео - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө чоң экен! Суучулдун жанында каалгыган акуланын видеосу
Анын айтымына караганда, жырткычтын биринин төбөсү канжалап жүргөн. Жарадар болгону уруштан алыс болууга аракет кылганы менен ага үстөмдүк кылган алдуураагы коё бергенге шашылган эмес. Ошентип кармаш эки саатка жакын уланган.

Маалыматта күчтүү гиенага дагы экөө келип кошулганы айтылат.

"Бул кармашта жарадар болгон жырткычтын аман калбай тургандыгын туюп, тынчын албоо максатында башка жакка кеткенбиз", — деп жазган ал.

Турист кечирээк үчөө жарадар гиенаны өлтүрүп койгонун уккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0