Коронавирус Кыргызстанга жетти! Министрдин билдирүү тараткан видеосу

185
(жаңыланган 15:49 18.03.2020)
Өкмөт үйүндө 18-март күнү коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал боюнча кезексиз брифинг өттү. Анда саламаттык сактоо министри өлкөдө коронавируска кабылган үч учур катталганын айтты.

Брифинг учурунда Кыргызстанда үч адамдан коронавирус аныкталганы айтылды. Оору Жалал-Абад облусунун Сузак районунан катталган. Илдетти жуктуруп алгандар Сауд Аравияга кичи ажылыкка барып келишкен.

Азыр алар Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүндө. Алар менен бирге бир каттам менен 135 адам учуп келген. Анын 90у табылып, изоляцияланганы айтылды.

COVID-19 вирусу 150дөн ашык мамлекетке кирди. Казакстанда бул вирус 35 адамдан аныкталса, Өзбекстанда 11 кишиден табылды.

185
Белгилер:
коронавирус, билдирүү, министр, Космосбек Чолпонбаев
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (878)
Тема боюнча
Дүрбөлөңгө түшпөгүлө! Президент Жээнбеков элге кайрылды
Баткенде умрадан келген 8 киши карантинде кармалууда

Шевченко менен Чукагян көз караштар таймашына бет капчан чыкты. Видео

164
(жаңыланган 20:32 30.05.2020)
31-майга караган түнү Антонина Шевченко менен Кэтлин Чукагян беттешет. Спортчулар бүгүн көз караштар таймашын өткөрүштү.

Кыргызстандык мушкер кыздын беттеши Бишкек убактысы боюнча саат 6.30 менен 7.30дун ортосунда болот. Алардан кийин кеченин башкы беттеши өтүп, Тайрон Вудли менен Гилберт Бернс кармашат.

Мелдеште бир эле мушкердин эже-сиңди Шевченколор менен удаа беттешип жатканы тарыхта боло элек болчу. UFC уюмунун бул турниринин өзгөчөлүгү да ушунда. Эскерте кетсек, ушул жылдын февраль айында өткөн акыркы таймашында Чукагян Валентина Шевченкого техникалык нокаут менен утулуп калган.

164
Белгилер:
Антонина Шевченко, беттешүү, UFC, бет кап, таймаш
Тема боюнча
Баштадым! Валентина Шевченконун маңдайы жарыла сүйүнгөн сүрөтү
Мени "тыңчы" атагандардын оюн билем. Лас-Вегастагы Валентина Шевченко менен маек

Пандемияны өз кызыкчылыгы үчүн колдонуп... Лавров Батышты сынга алды

151
РФ ТИМинин башчысы батыш мамлекеттеринин коронавирус пандемиясын өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланган аракетине нааразы болду.

Сергей Лавров Кытайдын Global Times гезитине макала жазып, Батыш өзүнө жакпаган өкмөттөрдү жазалоо үчүн түзүлгөн кырдаалды пайдаланууга жандалбастап жатканын айкан. Буга мисал катары аларга Россиядан гумжардам алууга салган тыюусун келтирди.

Министр өз сөзүндө Батыштын адам укугун коргоодо кош стандарттуулукка жол берип жатканын да белгилеген. Кенинирээк биздин видеодон көрүүгө болот.

151
Белгилер:
коронавирус, пандемия, Батыш, Россия, ТИМ, Сергей Лавров
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус
Тема боюнча
Батыш Россияны статистиканы бурмалап жатат деп айып тагууда. Видео
Бишкек шаардык ИИББдин Кайгуул милиция башкармалыгынын инспекторлору шаар тургундарынын даттануусунан улам байкерлер менен жолугушту

Байкерлер калаа тургундарына уйку бербей... Милиция алар менен жолугуп, эскертти

14
Инспекторлор мотоциклчендерге түн ортосунда жарыш уюштуруп, шаардыктардын тынчын албоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Бишкек шаардык ИИББдин Кайгуул милиция башкармалыгынын инспекторлору шаар тургундарынын даттануусунан улам байкерлер менен жолугушту. Бул тууралуу башкармалыктан билдиришти.

  • Инспекторы Управления патрульной службы милиции Бишкека провели встречу с байкерами из-за жалоб горожан
    Бишкек шаардык ИИББдин Кайгуул милиция башкармалыгынын инспекторлору шаар тургундарынын даттануусунан улам байкерлер менен жолугушту
    © Фото / пресс-служба УПСМ Бишкека
  • Инспекторы Управления патрульной службы милиции Бишкека провели встречу с байкерами из-за жалоб горожан
    Жолугушууга Кыргызстандын мотоциклчилер коому катышты.
    © Фото / пресс-служба УПСМ Бишкека
1 / 2
© Фото / пресс-служба УПСМ Бишкека
Бишкек шаардык ИИББдин Кайгуул милиция башкармалыгынын инспекторлору шаар тургундарынын даттануусунан улам байкерлер менен жолугушту

Жолугушууга Кыргызстандын мотоциклчилер коому катышты.

Маалыматка караганда, өзгөчө абал режиминин алкагында жарыяланган коменданттык саат жоюлгандан бери мотоцилкчендер шаардын чоң көчөлөрүндө түнкүсүн жарыш уюштуруп, коомдук тартипти бузуп келишет. Ал тургай жол кырсыктары болгон учурлар дагы катталганы айтылды.

Инспекторлор байкерлерди жолдо жүрүү эрежелерин сактоого чакырды. Ошондой эле алар түнкүсүн жашоочулардын тынчын алып жарыш уюштурууну уланта берсе, мыйзам чегинде жазаланары эскертилди.

14
Белгилер:
жашоочулар, көчө, мотоцикл, милиция, Бишкек
Тема боюнча
Инспектор тоссо карайлап калбаңыз! Айдоочунун башын ооруткан 9 суроого жооп