Үйдөн чыкпай, жолугушууларды кыскарталы! Жээнбековдун элге кайрылган видеосу

Жазылуу
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков коронавирустан улам кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Ал ызы-чууга алдырбай, дарыгерлер айткан талап, кеңештердин баарын аткарууга чакырды.

Мамлекет башчы дарыгерлер тиешелүү даярдыктан өтүп, бул илдеттен кандай дарылоо керектигин билишерин белгиледи. Ошондой эле бардык жарандарды тартипти катуу сактоого чакырды.

"Бүгүн жалпы коомдун саламаттыгы үчүн ар бир жаран, ар бир ата-эне жооптуу. Ар бир үй-бүлө өздүк гигиенанын талаптарын толук аткарышы абзел. Зарылдыгы жок болсо, үйдөн чыкпай, башкалар менен жолугууну максималдуу кыскартуу зарыл. Оорунун биринчи белгилери пайда болгон учурда, алгач эч жакка барбастан, телефон аркылуу врачка кайрылуу керек", - деди президент.

Мусульманские паломники во время Хаджа - Sputnik Кыргызстан
Сауд Аравияга кичи ажылыкка Ысык-Көлдөн 16 адам барып келген. Бирөө изоляцияда
Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган үч адам аныкталды. Алар 12-мартта Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келишкен. Азыр алар Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүндө. Кырдаалга байланыштуу өлкө боюнча өзгөчө абал киргизилди.

Кыргызстанда учурда коронавируска байланыштуу абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан жана Телеграм-каналдан окуй аласыздар. 

Жаңылыктар түрмөгү
0