БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Алардын өрттөлүп жок кылынганы туурасындагы видео YouTube каналына жарыяланды.
Бардык жаныбарлар базарда соода кылгандардан алынган. Айыл чарбасы департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Саид Рамадхондун айтымында, бул иштер жарганат коронавирусун таратуучу болушу мүмкүн деген билдирүүдөн кийин жасалды.
Суракарта өкмөтү жана Борбордук Яванын жаратылыш байлыктарын коргоо башкармалыгы аталган жаныбарларды жок кылуу чечимин кабыл алган. Бул инфекциянын мындан ары тарап кетпешин алдын алуу максатында жасалды дешти. Аларды капастарга салып, анын сыртын целлофан менен бекем ороп, андан соң комага алып келген затты коё беришкен. Жаныбарлардын канчалык деңгээлде эсин жоготкону белгисиз. Бул процедурадан кийин казылган аңда күйүп жаткан отко ыргытышкан.Пекин университетинин окумуштуулары январь айында коронавирус булагы жарганаттар болушу мүмкүн деген гипотезаны айтышкан.
Андан сырткары, Кытай окумуштуулары жаңы коронавирус жыландар аркылуу тараганын да болжолдогон. Бул жаныбарларды Ухандагы базарда тамак-аш катары сатышкан.
УКМК мефедрон деген синтетикалык дарыны чыгарып аны туруктуу саткан топту аныктап, жетекчисин колго түшүрдү. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.
Факт УКМК менен ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жүргүзгөн ыкчам иш-чарасынын алкагында аныкталган.
"Такталгандай, А.И. аттуу адамдын жетекчилиги менен дары-дармекти үзгүлтүксүз өндүрүү үчүн бардык талаптарга жооп берген лаборатория түзүлгөн. Алар жаштар арасында синтетикалык дары-дармектерди сатуу каналын да уюштурган. 2021-жылдын 16-апрелинде атайын операциянын жүрүшүндө синтетикалык баңгизаттарды өндүрүүчү ишкана аныкталып, товарды өзгөчө ири масштабда сатууга аракет жасаган А.И. кармалды", — деп айтылат билдирүүдө.
Кылмышка шектүү 2021-жылдын 18-апрелинде Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына эки айга камакка алынды. Учурда тергөө уланып жатат.
Маалымат үчүн: 1 грамм мефедрон затынын баасы Бишкек жана Чүй облусунун аймагында болжол менен 5000-6000 сомду түзөт. Ал адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн кооптуу.
Өлкөнүн Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, чет элдик чалгынчылар чагымчылык жасоодо. Өтө эле жакын учуп келгендиктен Россиянын истребителдери асманга көтөрүлүп, "мейманды" узатып барууга аргасыз болгон.
НАТОнун учактары Камчатка менен Кара деңизден эмне "шимшилеп" жүрөт? Украина менен таанылбаган Донбасс Республикасынын чектешкен аймагына эмне максат менен байкоо салууда? Жоопту биздин видеодон алууга болот.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров 19 судьяны жергиликтүү сотторго дайындады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан президенттин дарегине Чүй жана Ош облустарынын айрым райондук сотторго судьяларды дайындоо үчүн 20 талапкер боюнча сунуш келип түшкөн.
"Садыр Жапаров судьялык кызматка 19 талапкер боюнча кеңештин сунушуна макул болду. Ал эми бир талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, материалдарды кеңешке кайтарды", — деп айтылат маалыматта.
Ысык-Ата райондук соту:
Кара-Суу райондук соту:
Араван райондук соту:
Ноокат райондук соту:
Өзгөн райондук соту:
Ош шаардык соту:
Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.