Чын эле арча вирус менен күрөшүүгө жардам береби? Видео

1638
(жаңыланган 13:18 19.03.2020)
Дарыгерлердин айтымында, бөлмөнү арчалоодо анын түтүнү жана эфир майлары микроорганизмдерди жок кылат. Ошондой эле вирустун тарашына бөгөт коет.

Өткөндө БУУнун алдындагы Эмдөөлөрдүн эл аралык институтунун илим жаатындагы жетекчисинин орун басары, белгилүү дарыгер-эпидемиолог Михаил Фаворов Өзбекстандын Ташкент шаарында лекция окуган. Дарыгер "монгол-түрк үч бурчтугуна", тагырааагы, ошол кезде коронавирус учурабаган Борбордук Азияга көңүл бурган.

"Биз ар кайсы вариантты талкууладык. Ага абанын кургактыгы менен бөтөнчө климат дагы кирет. Баса, Ибн Сина (Авицена, орто кылымдагы перс дарыгери — ред.) инфекциялык ооруну алдын алуу үчүн адырашман чөп тууралуу айтканы бар", — деген Фаворов.

Арчаны кыргыз эли илгертеден колдонорун билебиз. Чоң энелер үйдө кандай жакшылык болбосун дароо арча түтөтөт. Ар түрдүү ырым-жырымга пайдаланат. Мисалы, баланы бешикке саларда сөзсүз биринчи кезекте бешиктин ичин арчалайт. Нооруз майрамында ар бир үйдө арча жыты буркурайт. Мындан сырткары, жаңы үй көтөрүп, конуштуу болгондо, жакшылыкта сөзсүз үйгө арча түтөтөт.

Арча, ысырыкты ырым-жырымга эле эмес, чоң энелер дарылык үчүн да пайдаланат. Алсак, үйдө бирөө тумоолоп калса үйдү арчалап, аны жыттатат.

Дарыгерлер арчанын түтүнүн медициналык жактан далилденгенин айтышты. Алардын айтымында, арчанын түтүнү жана эфир майлары микроорганизмдерди жок кылат. Ошондой эле абаны тазалап, вирустун тарашына бөгөт коет.

1638
Белгилер:
дарыгер, түтүн, видео, арча
Тема боюнча
Коронавирус акча аркылуу жугары аныкталды. Вирус кагазда канча күн жашайт
Дарыгер вирус менен күрөшүүгө жардам берген азыктарды атады