Министрдин депутатка жооп берип жатып эсин жоготкон видеосу. Европадагы окуя

Жазылуу
Парламентарий тактоо иретинде суроо бергенде Брёйнс жооп берүүгө аракет кылып туруп баратып теңселип, жерге жыгылган.

Нидерланддардын саламаттык сактоо министри Бруно Брёйнс парламентте жаңы коронавирусту талкуулап жатканда эсин жоготуп жыгылып, кайра өзүнө келди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Шприц. Архив - Sputnik Кыргызстан
ДССУ коронавируска каршы вакцинаны тестирлөө башталганын айтты
Ал эми министрдин теңселип жыгылып калган учуру YouTube каналына жарыяланды. 

Депутаттардын бири трибунада турган министр менен сүйлөшүп жаткан. Парламентарий тактоо иретинде суроо бергенде Брёйнс жооп берүүгө аракет кылып туруп баратып теңселип, жерге жыгылган. Видеодон айланасындагылардын далбастап, аны тургузууга аракет кылып жатканын көрүүгө болот.

Аткаминер эсине келгенден кийин суу ууртап алып жооп бергенге аракет кылды, бирок залдан кетүүгө аргасыз болгон.

Бир аздан кийин Брёйнс Тwitter тармагындагы баракчасына ага тынчызданган адамдарга ыраазылык билдирип, пост жазган. Коронавирус маселесинен улам бир нече жума бел чечпей иштеп жаткандыктан катуу чарчагандыгын түшүндүргөн.

"Азыр үйгө барып эс алып, эртең ишке жаңы дем менен коронавируска каршы күрөшүү үчүн кайра чыгам", — деп жазган Брёйнс.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 11-мартта коронавирустун жаңы COVID-19 түрүн пандемия деп жар салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0