Коронавирустан улам Лондондо талап-тоноочулук башталды. Видео

Жазылуу
19-мартта алты адам Лондондогу дүкөндөрдүн биринен ичимдик уурдоого аракет кылышкан. Бирок аларды байкап калышкан. Кылмышка шектүүлөр дүкөндүн айнегин сындырып качып кетишкен. Бирок полиция аларды тез эле колго түшүргөнү маалым болду.

Укук коргоо органдары талап-тоноо көбөйө баштаганын айтып, бул акыркы бир нече күндөн берки төртүнчү талап-тоноо экенин билдиришкен. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы кабарлады.

Коронавирус тараткан! Бийликтин миңдеген жарганатты өрттөгөн видеосу - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус тараткан! Бийликтин миңдеген жарганатты өрттөгөн видеосу
Басылманын маалыматына ылайык, Лондондогу дүкөн, супермаркеттерде коронавирустан улам эл болуп көрбөгөндөй дүрбөлөңгө түшүп, товарларды калтырбай алып кетүүдө. Жашоочулар узак убакытка созулчу карантинге даярданып керектүү азык-түлүктүн баарын алып жатышат. Ал тургай мушташканга чейин барышууда.

Улуу Британиянын бийлиги азык-түлүктүн камы жетиштүү экенин айтты. Анткен менен дүкөндөрдө кезекке турган адамдардын саны уламдан-улам өсүп жатканы маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0