Чектөөдөн кийин Ош шаарынын базарлары бош калды. Видео

Жазылуу
Адатта жык-жыйма болуп миңдеген адам жүргөн Ош шаарынын базарлары ээнсиреп калды. Кийим-кече, буюм-тайым сатылуучу жайларда бирин-серин киши жүргөнүн көрүүгө болот.

Ситуация в городе Ош - Sputnik Кыргызстан
Ноокат районунун 35 жерине блокпост коюлду
Sputnik Кыргызстандын кабарчысы калаанын борбордук базарына барып учурдагы абалды тартып келди. Бул жайда кийим-кечеден сырткары турмуш-тиричиликке керектелүүчү бардык каражаттар сатылчу. Азыр контейнерлер чекеден жабылып, жайма базар ээн калганын көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, коронавирус кооптуулугунан улам 20-марттан тарта автоунаа базары, автоунаа тетиктери базары, кийим-кече саткан борбордук жана "Келечек" базары жабылган. Ошондой эле мал базары дагы убактылуу жабылды.

Аймактык кабарчы Нарын шаарындагы абалды дагы көрүп келди. Калаада базарларды жабуу чечими кабыл алына элек, бирок адамдардын катары суюлганы байкалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0