Россия коронавирус менен күрөштө Италияга жардам берет

299
(жаңыланган 18:17 22.04.2020)
Россия италиялык дарыгерлерге вирусолог менен эпидемиологдорду жардамга жөнөтүп, Чкаловский аэродромунан Римге тогуз учак чыгып кетти.

Ил-76 аба кемелерине коронавируска каршы күрөшүү үчүн зарыл болгон медициналык жабдуулар менен дары-дармектер жүктөлгөн. Биринчи бортту аэропорттон Италиянын ТИМ башчысы тосуп алды.

Жергиликтүү элдин Москвадан барган жардамга болгон реакциясын биздин видеодон көрсөңүз болот.

299
Белгилер:
ТИМ, вакцина, жардам, коронавирус, аэродром, Россия, Италия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1096)
Тема боюнча
Үч жолу текшерген. Энеси коронавируска кабылган ымыркайдын анализи таза чыкты
Чагылгандай! ДССУ коронавирустун дүйнөгө тездик менен тарап жатканын айтты

Бишкек мэри Азиз Суракматовдун маалымат жыйыны. Видео

126
(жаңыланган 14:35 20.10.2020)
Суракматов борбор калааны жетектөөгө мындан эки жыл мурун, 2018-жылы, киришип Албек Ибраимовдун ордуна келген.

Бишкек мэри болуп эки жылдан бери иштеп келе жаткан Азиз Суракматовдун кызматтан кете турганы тууралуу маалымат бүгүн тарады. 

Мэрия шаар башчысы маалымат жыйын өткөрө турганын кабарлаган. 

Sputnik жыйынды түз алып берүүдө

126
Белгилер:
отставка, кызмат, мэр, Бишкек мэриясы, Азиз Суракматов
Тема боюнча
Бишкек мэри Суракматовдун иштен кетери айтылды

Ала-Букадагы алтын кен ишканасында өрт чыкты. Видео

300
(жаңыланган 14:28 19.10.2020)
Жеринде куткаруучулардын эки тобу иштеп жатат. Милициянын алдын ала маалыматы боюнча, өрт ширетүү иштеринен келип чыккан.

Жалал-Абаддын Ала-Бука районундагы алтын кен ишканасынын имаратында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Окуянын видеосун социалдык тармактын колдонуучулары жүктөп жатат.

Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 10:22де бир өрт куткаруу бөлүмү, 10:35те экинчиси тартылган.

Ал эми Жалал-Абад облустук милициясынын билдиришинче, саат 10:15тер чамасында Ала-Бука районунун Иштамберди аймагында иштеп жаткан Full Gold Mining (Фул Голд Майнинг) ишканасында өрт чыккандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.

Учурда 30дан ашуун кызматкер куткаруучулар менен биргеликте өрттү өчүрүү менен алек.

"Алдын ала маалымат боюнча, өрт ширетүү иштеринен келип чыккан. Цианид же химиялык зат күйүп жатат деген божомол чындыкка дал келбейт. ӨКМдин өрт боюнча чыгарган жыйынтыгы менен гана калган жагдайлар белгилүү болот", — деп айтылат маалыматта.

Бишкектин чок ортосунда кийим саткан дүкөн өрттөнүп кетти. Видео

ӨКМ алтын-кен ишканасына таандык имараттан чыккан өрт саат 12:30да чектөөгө алынганын билдирди. Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары улантылууда.

300
Белгилер:
өрт, алтын кени, ӨКМ, Жалал-Абад облусу
Тема боюнча
Кадамжайдагы үйдөн өрт чыгып, бир киши каза тапты
Паркттагы көгүчкөн

Түркияда эң ылдам учкан көгүчкөндүн ээси "алтын кур" тагынды

0
Эдирне провинциясында көгүчкөндөр жарышы өтүп, ага Түркия жана Болгариядан жалпысынан 1 172 канаттуу катышкан.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Түркияда эң ылдам учкан көгүчкөн аныкталып, анын ээсине сыйлык катары "алтын кур" тагылды. Бул тууралуу "Анадолу" агенттиги жазды. 

Маалыматка ылайык, Түркиянын түндүк-чыгышындагы Эдирне провинциясында салтка айланган көгүчкөндөр жарышы өткөн. Ага Түркия жана Болгариядан жалпысынан 1 172 канаттуу катышкан.

Эрежеге ылайык, Болу провинциясынын Гереде районунан учурулган көгүчкөндөр 500 чакырым аралыкты басып өтүп, Эдирнедеги Караагаж районуна чейин учуп келиши керек болчу.

Мына чыныгы мелдеш! Пилдердин суудагы жарышы видеодо

Жергиликтүү жашоочу Манис Юнус Ташчы таптаган көгүчкөн биринчи болуп 7 саат 20 мүнөттө келген. Жеңүүчүнүн ээсине "алтын кур" жана кубок тапшырылган.

Бурсанын жашоочусу Озкан Эймен баккан канаттуу экинчи келсе, стамбулдук Ахмед Жавдардын көгүчкөнү үчүнчү болуп марага жетти.

Уюштуруучулар марага келген алдыңкы 30 көгүчкөндүн ээлерин да баалуу белек менен сыйлаган.

0
Белгилер:
сыйлык, мелдеш, көгүчкөн, Түркия
Тема боюнча
Индияда тыңчылыкка шектелген көгүчкөн камактан чыкты