Путин чүмбөттөлүп алып коронавируска кабылган жарандарын көрүп чыкты. Видео

746
(жаңыланган 12:03 25.03.2020)
Мамлекет башчы медициналык борбордун кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, алардын ишин сааттын механизми менен салыштырды.

Россиянын президенти Владимир Путин Москва облусунун Коммунарка айылындагы коронавируска кабылган жарандар жаткан медициналык борборго барды. Бул туурасында RT телеканалы маалымдады.

Кадрдан мамлекет башчысы коргонуучу костюм кийип айрым корпустарга кирип, бейтаптардын абалы менен таанышып чыкканын көрүүгө болот.

"Баары аскер постундагыдай иштеп жатканын көрдүм. Аскерий сөздөрдү колдонгум келбей турат, бирок сиздерде чынында баары сааттын жебесиндей тынымсыз иштеп жатат", — деди Путин.

Россия лидери бейтаптарды караган медицина кызматкерлерине опол тоодой эмгеги үчүн ыраазычылык билдирген.

746
Белгилер:
таанышуу, коронавирус, Владимир Путин
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус (437)
Тема боюнча
БУУ G20 уюмуна санкцияларды жоюп салууну сунуштады
Россия коронавирус менен күрөштө Италияга жардам берет