Индияда карантинде көчөгө чыккандарды полиция таяк менен сабап жатат. Видео

Жазылуу
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди өлкөдө коронавирустун жайылышынан улам 25-мартта үч жумалык карантин жарыялаган.

Жергиликтүү бийлик тургундарды себепсиз үйдөн чыкпоого чакырып, коомдук транспорт, метро жана темир жол каттамдарын токтотту. Бул учурда полиция, медик, өрт өчүрүүчү жана коммуналдык кызмат, ошондой эле журналисттер менен онлайн дүкөндөрдүн курьерлерине гана көчөдө жүрүүгө уруксат берди.

Бирок бийликтин чыгарган буйругуна баш ийбегендер да чыкты. Полиция аларга катуу чара көрүп жатат.

​Индиялык ЖМКлардын билдиришинче, айрым штаттын полиция кызматкерлеринин колуна таяк карматып, көчөдө жүргөндөрдү сабоого уруксат берилген. 

​Эреже бузгандарга карата колдонулган өзгөчө ыкманын видеосу #21daylockdown деген хештег менен тарап, Twitter тармагында кызуу талкууга алынууда. Айрымдары мындай жаза айып салгандан көрө натыйжалуураак болорун жазышкан.

Ал эми Кыргызстанда өткөн түнү коменданттык сааттын эрежесин бузган 241 адам кармалып, 12 автоунаа айып короого киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0