Москванын четинде үйдүн подъезди урап калды. Жеринен тартылган видео

Жазылуу
Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктан бир киши каза таап, төрт адам жабыркады. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Москванын четиндеги Орехово-Зуево шаарындагы беш кабаттуу үйдө газ жарылып кеткенин РИА Новости аймактык Өзгөчө кырдаал кызматына шилтеме берип жазды. 

Петарда жардырам деп киши оз колунда жарылган. Архив  - Sputnik Кыргызстан
Фейерверк атам деген киши өзү кошо "жарылып" кетти. Видео
Окуя Гагарин көчөсүндөгү №31 үйдө болгон. Маалыматка караганда, үчүнчү кабаттагы батирден газ колонкасы жарылып кеткен. Натыйжада үйдүн экинчи подъезди урап калган. Коңшу подъезддин жашоочулары эвакуацияланды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, бир адам каза таап, төрт киши жабыркады.

Окуяны Подмосковьенин губернатору Андрей Воробьев өз көзөмөлүнө алды.

Тергөө комитети жеринде иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0