Мурманскиде теракттын алдын алышты. Видео

Жазылуу
ФСБ кызматкерлери куралдуу кишинин кайда жайгашкандыгын билип, кармоо үчүн атайын топ менен барган. Бирок ал жашынып жаткан жеринен ок чыгаргандыктан, жок кылынган.

Мурманск шаарында теракт жасоого ниеттенген киши жок кылынды деп жазды Антитеррордук улуттук комитеттин маалыматына таянган РИА Новости.

Анда ФСБ кызматкерлери куралдуу кишинин кайда жайгашкандыгын билип, кармоо үчүн атайын топ менен барган. Бирок ал жашынып жаткан жеринен ок чыгаргандыктан, жок кылынган.

"Тартип коргоо кызматкерлери менен жөнөкөй жарандардын арасында зыянга учурагандар болгон жок", — деп билдиришкен аталган комитеттен.

Недалеко от здания ФСБ на Лубянской площади в Москве, где произошла стрельба. - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы теракт: ФСБнын кызматкери каза таап, 5 киши жабыркады
Буга чейин Ставрополь менен Ханты-Мансийск аймагында ФСБ теракттын алдын алгандыгы кабарланган. Нефтекумск шаарында топтошкон элге жана полиция кызматкерлерине кол салууга ниеттенген "Ислам кыймылы" террордук уюмунун ячейкасы табылган. Кылмышкерлердин бири кармалып, экинчиси атышуу учурунда жок кылынган. Ал эми Лянтор шаарындагы соода жайларынын биринде жардырууну пландаган "Имарат Кавказ" деп аталган ячейкага кирген жергиликтүү үч тургун кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0