Автоунаадан чыккан газ абаны кирдете турган негизги себептердин бири. Коронавирустан улам жарыяланган карантинге байланыштуу кыймылга чектөө киргизилип, ал эми ары-бери атайын өткөрмө кагаз менен гана жүрүүгө жол берилип калды. Анын үстүнө күн жылып, от жагуу токтоду. Бул дагы абанын тазарышына бир топ салым кошту.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, РМ 2.5 бөлүкчөлөрүнүн бир жылдык орточо деңгээли 10 мкг/м3, ал эми суткасына 25 мкг/м3дан ашпаш керек.
30-мартта да шаарды тартканбыз, анда абал башкача болчу.
Окуя ACA Young Еagles Гран-при мелдешинин жарым жеңил салмагынын 8/1 финалында болгон. Беттеште кыргызстандык мушкер толук үстөмдүк көрсөткөн. Кармаштын аягында калыстардын бир добуштан чыгарган чечимине ылайык, Шадид Абдуразаков жеңүүчү деп жарыяланган.
Өзүнүн пайдасына чыккан чечимге чечен мушкери макул эместигин билдирген. Ал беттештин калысы колун көтөрүүгө аракет кылып жатканда колун артка тартып кеткен. Абдуразаков муну менен эле чектелбей, чыныгы жеңүүчү атаандашы экенин колу менен көрсөткөн. Анын мындай кадамы ММА чөйрөсүндө өзгөчө алкоого алынып, социалдык тармактарда күйөрмандардын ыраазычылыгын жараткан. Видеолорго "чечен мушкеринин татыктуу кадамы!", "Чечен спортчусуна урмат-сый!", "Чыныгы эркек!" деген көптөгөн комментарийлер айтылган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Мелдештин жүрүшүн алып барган комментаторлор да кыргыз мушкери толук артыкчылык кылганын белгилешип, жеңүүчү расмий жарыялана электе эле аны куттукташкан.
Деген менен уюштуруучулар чечимин өзгөртүп, кыргызстандык мушкер Адилет Нурматовду жеңүүчү деп атады.
Нурматов промоушендин Гран-при мелдешинин чейрек финалына чыкты. Кийинки этаптагы таймаштар качан болору азырынча айтыла элек.
Анда Россия президенти COVID-19га байланыштуу чектөөлөр жана татаалдыктарга карабай Жапаров менен көзмө-көз көрүшкөндүгүнө кубангандыгын билдирди.
Кыргызстан президентинин маалымат кызматы Садыр Жапаров менен Россия лидери Владимир Путиндин жолуккан видеосун таратты.
Мамлекет башчылар эки тараптуу кызматташуунун маанилүү деген багыттарын, бардык маселелер боюнча биргелешкен өз ара иш алып баруунун келечегин талкуулашкан.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Акыл Кемеловго Жогорку Кеңештин депутаты мандатын ыйгарды.
"Республика — Ата-Журт" фракциясынын мүчөсү Максат Сабиров кечээ, 24-февралда, өз ыктыяры менен мандатын тапшырган. Ал мунун себебин жаштарга орун бошотуп берүү максатында деп түшүндүргөн.БШК бүгүн анын ордуна Кемеловду Жогорку Кеңештин депутаты катары каттап, ага күбөлүк жана төш белги берди.
Акыл Кемелов 36 жашта. Өлкөдө аралаш мушташ боюнча беттештерди уюштурган WEF (World Ertaymash Federation) уюмунун Ысык-Көл облусу боюнча президенти.