Москвада чыккан өрттөн карыяларды сактап калган мигранттар. Видео

Жазылуу
Москванын батыш бөлүгүндө жайгашкан карыялардын пансионатында өрт чыгып, анын кесепетинен 16 адам жабыркады, дагы төрт кишинин каза тапканы айтылды.

Каргаша 8-апрель күнү кечинде болгон. Тергөөнүн айтымында, кырсыкка электр зымдарынын күйүп кетиши менен казан мештин бузулушу себеп болгон.

Өрт өчүрүүчүлөр келгенге чейин Тажикстан менен Өзбекстандан барган мигранттар жардамга кол сунган. Алар пансионатка коңшулаш жайгашкан жатаканада жашаганы айтылат.

Видеодо дал ушул адамдардын эрдиги тууралуу баяндалмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0