АКШ COVID-19ду Сириядагы согушкерлерге жардам берүү үчүн пайдаланат

938
(жаңыланган 16:50 11.04.2020)
АКШ коронавирустан улам түзүлгөн кырдаалды Дамаскиге каршы пайдаланууда. Бул тууралуу Россия менен Сириянын ведомство аралык штабдарынын биргелешкен билдирүүсүндө айтылат.

Документте америкалыктар Сирия өкмөтүн дискредитациялоо үчүн маалыматтык-пропагандалык кампания баштаганы жазылган. Дагы бир максаты — өлкөдөгү гуманитардык абалга тынчсызданган болуп, көзөмөлдөгү согушкерлерге жардам жеткирүү.

Кененирээк видеодон көрсөңүз болот.

938
Белгилер:
өкмөт, Россия, согушкер, коронавирус, Сирия, АКШ
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1053)
Тема боюнча
АКШ Россияны түрк аскерлеринин өлүмүнө күнөөлөдү. Эч кимдин кылы кыйшайбайт
Колониалдык план. АКШ Ай менен космосту менчиктештирип алмай болду
(NaN:NaN / NaNMb / )

Кыргызстандык кыз катышкан "Ты супер!" шоусу. Түз алып берүү

31
Sputnik эл аралык агенттиги жана радиосу менен НТВ телеканалынын биргелешкен долбоорунун биринчи чыгарылышына күбө болуңуздар.

"Ты — супер!" шоусу — НТВ телеканалы менен Sputnik эл аралык агенттиги жана радиосунун ири долбоору. Ага КМШнын аймагындагы вокалдык таланты бар балдар катышат. Бүгүн мызкалык конкурстун төртүнчү сезону башталып, анда Кыргызстандын атынан 18 жаштагы Карина Амринова ат салышууда.

"Ты — супер!" сынагына катышкан Карина Амринова: ар бир ырым апама арналат

Долбоордун максаты ата-энесиз калган жаш өнөрпоздорго мүмкүнчүлүк берүү болуп саналат.

31
Белгилер:
"Ты – супер" балдар долбоору, вокал, музыка, долбоорлор, Карина Амринова
Тема боюнча
"Ты супер!" финалына чыккан балдар үйлүү болушту. Ыйлаткан видео
Тывалык бала "Ты супер" сынагында өзгөчө үнү менен калыстарды таң калтырды

Гүлжигит Алыкулов "Кайраттын" УЕФА мелдешиндеги голуна жардам берди. Видео

450
Кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов команданын негизги курамында чыгып, беттештин 81-мүнөтүндө алмаштырылды.

Кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов казакстандык "Кайрат" клубунун Европа лигасындагы кезектеги оюнунда голду уюштурууга катышты. Учурдун видеосун казакстандык клуб өзүнүн Facebook баракчасына койду.

Кечээ УЕФАнын Европа лигасы мелдешинин квалификациялык баскычынын чейрек финалында "Кайрат" Израилдин "Маккаби" клубу менен кез келген.

Беттеште Алыкулов чабуулду баштап, капталдагы өнөктөшү Гафуржан Сүйүнбаевге топту өткөрүп берген. Анын айып аянтчасына чыгарган тобун бразилиялык чабуулчу Вагнер Лав голго айлантып, эсепти теңеген.

Бир метрден гол киргизе албай уят болгон футболчу талоондо калды. Видео

Бирок бул гол казакстандык команданын кийинки баскычка чыгуусуна пайдасы тийген жок. "Кайрат" "Маккабиге" 2:1 эсебинде жеңилип, мелдештен четтеди.

Кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов негизги курамда чыгып, беттештин 81-мүнөтүндө алмаштырылды.

Гүлжигиттин "Кайрат" клубу аталган мелдештин буга чейинки раундунда Армениянын "Ноа" командасы менен ойноп, 4:1 эсебинде уткан. "Кайраттын" биринчи голун Гүлжигит Алыкулов киргизген.

450
Белгилер:
Европа лигасы, Гүлжигит Алыкулов, футбол
Тема боюнча
Гүлжигит Алыкулов: голума абдан сүйүндүм, бирок дараметимди толук ача элекмин
Ирмемди кармады! Футболчу Гүлжигит Алыкуловдун кезектеги чеберчилиги видеодо