Дүйнөнү суктанткан! Гагариндин космоско учкан 59 жыл илгерки видеосу

(жаңыланган 18:51 12.04.2020)
1961-жылы 12-апрелде Жер планетасынан алгачкы жолу орбитага учкан адам Юрий Гагарин болгон. Ал учур кандай болгонуна назар салууну сунуштайбыз.

Бортунда СССРдин жараны отурган "Восток-1" аба кемеси башка планетага барып келген. Учуу убактысы 1 саат 48 мүнөткө созулуп, анын аты космос боюнча дүйнө тарыхында жазылып калды.

Бул жылы космонавттардын отряды даярдалып, космоско жиберүүгө алты талапкер болгон. Учууга бир нече күн калганда Гагаринге токтотолушканы айтылат.

Бул окуя адамзаттын космостук доорунун башталышы болуп калган. Андан эки жыл өтүп аялдардын ичинен алгачкысы болуп Валентина Терешкова космоско барып келген.

Белгилер:
учуу, космос, Валентина Терешкова, Юрий Гагарин
Тема боюнча
Адамзаттын жаңы доорун ачкан 108 мүнөт

Кыргызстандык Эрназар Алматыдагы мелдеште мыкты ыкма жасаган спортчу болду. Видео

(жаңыланган 17:13 17.04.2021)
Бириккен күрөш дүйнөсү Кыргызстандын эркин күрөш боюнча балбаны Эрназар Акматалиевдин Алматыда өткөн лицензиялык турдагы таймаштарынын (чейрек финал, жарым финал жана финал) видеосун жарыялады.

Уюштуруучулар Акматалиевдин эркин күрөш боюнча спортчулардын арасынан ыкмаларды эң мыкты аткарганын айтышты.

65 килограмм салмакта күч сынашкан Акматалиев жарым финалда өзбекстандык тажрыйбалуу спортчу Ильяс Бекбулатов менен кармашты. Кыргыз балбаны 8:0 эсебинде утулуп жатканына карабай аракетин улантып, адегенде эки, анан төрт упайлык ыкма жасап, анын артынан эле атаандашынын далысын жерге тийгизип, таза жеңишке жеткен

Ал эми чейрек финалда түркмөн атлети Керим Ходжаковду 5:1 эсебинде жеңип алган.

Белгилер:
эркин күрөш, видео, мелдеш, Алматы, Эрназар Акматалиев
Тема боюнча
Аягына чейин кармашып. Эрназар Акматалиев Алматы мелдешинен алтын байге утту
Ири эсеп менен утулуп жатып жеңишке жеткен Акматалиевдин кубанган видеосу

АКШнын Россияга каршы санкциялык тизмесинде жоктор "кимге иштейт"?

(жаңыланган 16:28 17.04.2021)
АКШнын антироссиялык санкциялары "гегемон чаралары" деп аталды. Мындай аныктаманы Кытай жаңы чектөөлөргө комментарий берип жатып айткан.

Пекин бул жалгыз эле Кытайдын эмес, жалпы дүйнө коомчулугунун пикири экенин билдирди. Ошону менен катар Россия менен Американы бири-бирин чектөөлөр менен кыйнай бербей, сөзгө келүүгө чакырды. Россия ТИМи Вашингтонго кандай жооп берерин да билдирди. АКШнын санкциялык тизмесине кирбеш үчүн "кимге иштеш" керек? Байден Путинге жайында жолугуп эмне тууралуу сүйлөшмөкчү?

Белгилер:
аракет, жооп, санкциялар, Кытай, Россия, АКШ, Владимир Путин, Жо Байден
Тема боюнча
АКШ санкциялары менен дүйнөгө болгон үстөмдүгүн кыйратууда
Бизнесмендерге чыккан туумдар, салык санкциялары жоюла турган болду. Шарттары
Беларустун ички иштер министрлигинин кызматкерлери.Архивдик сүрөт

ФСБ: Лукашенкону өлтүрүүгө камданып, Беларуста төңкөрүш даярдагандар кармалды

(жаңыланган 03:18 18.04.2021)
Зенкович АКШ менен Польшада жүрүп келгенден кийин Москвадагы ресторандардын биринде беларустук генералдар менен жолугуп, пландалган аракеттердин ишке ашышы үчүн өлкө башында тургандардын көзүн тазалоо керектигин айткан.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Москвадан 9-май күнү Беларусь президенти Александр Лукашенкону жок кылып, өлкөдө аскердик төңкөрүш жасоого камданып жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу ФСБнын коомдук байланыш борборуна таянуу менен РИА Новости жазды.

Маалыматта колго түшүрүлгөндөр Беларусь менен Россиянын жарандыгын алган Юрий Зенкович менен беларусиялык Флександр Федута аттуу адамдар экени айтылат.

Россиянын атайын кызматы коңшу өлкөнүн Мамлекеттик коопсуздук комитети менен биргеликте иш алып барган.

"Беларустук кесиптештердин берген маалыматы боюнча, Зенкович менен Федута мессенжерлердин биринде аскердик төңкөрүштүн планын талкуулап, Москвада оппозициялык маанайдагы генералдар менен жолугууну көздөгөн", — деп айтылат кабарда.

Зенкович АКШ менен Польшада жүрүп келгенден кийин Москвадагы ресторандардын биринде беларустук генералдар менен жолугуп, пландалган аракеттердин ишке ашышы үчүн өлкө башында тургандардын көзүн тазалоо керектигин айткан. Түзүлгөн план боюнча радио жана теле борборлорду басып алып, ички аскер бөлүктөрүнүн жолун тосуу каралган. Күч структураларынын ишин токтотуу үчүн электр энергияны өчүрүү даярдалганы маалым болду.

Натыйжада конституциялык түзүлүш өзгөрүп, бийлик "Улуттук элдешүү комитетине" өтмөк.

Зенкович менен Федутага карата Беларустун тергөө органдары 357-беренесинин ("Мамлекеттик бийликти басып алууга аракет кылуу") негизинде иш алып барууда.

Белгилер:
бийлик, мамлекеттик төңкөрүш, Өлтүрүү, ФСБ, Александр Лукашенко, Россия, Беларусь
Тема боюнча
Лукашенконун уулуна генерал наамы берилди
Лукашенко Беларустагы митингдердин көпкө созулушуна пандемияны айыптады