Карантин бизге кеп бекен! Үйүн залга айландырып машыккан КР спортчулары. Видео

Жазылуу
Коронавирустун эпкини спортко дагы тийип, атлеттер турнирлерге катышмак түгүл, залга барып машыга албай калышты. Бирок формасын сактап туруу үчүн сөзсүз эле залга баш багыш керек деген түшүнүктү четке кагышууда.

Социалдык тармактардан кыргызстандык спортчулардын үйдүн ичинде жана короосунда таза абада машыгып жаткандарын көрүүгө болот.

Sputnik Кыргызстан агенттиги элге белгилүү спортчулар менен байланышып, үй шартындагы машыгууларынын видеосун бир кадрга топтоду. Кээси окурмандар үчүн эксклюзивдүү тасмаларды салды.

Айрым көнүгүүлөр жөнөкөй адамдарга ылайыкталгандыктан, карап көрүп жасоого болот. Кээ бир атлеттердин профессионалдык ыкмалары мастер-класс болуп бермекчи.

Олимпийские и Паралимпийские игры в Токио 2020 года - Sputnik Кыргызстан
Шок болдук! Олимпиаданын жылдырылышы боюнча кыргызстандык спортчулардын пикири
Видеодо машыгуусун көрсөткөндөр атактуу боксчу Орзубек Назаров, пауэрлифтер Руслан Жарматов, көркөм гимнасттар Айша Изабекова менен Агата Быковская, тайбоксчулар Арген Керимбеков менен Бекжан Матысаев, фитнес машыктыруучу Шах-Санам Халилова, балбан Улукбек Жолдошбеков, таэквондочу Айканым Асаналиева, футболчу Бахтияр Дүйшөбеков, кикбоксчу Авазбек Аманбеков, балбан Калмира Билимбек кызы, волейболчу Оңолбек Каныбек уулу жана жиу-житсучу Малика Боотаева болмокчу.

Белгилей кетсек, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан улам Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Нарын шаарларына, Ноокат, Кара-Суу, Сузак жана Ат-Башы райондоруна апрелдин аягына чейин өзгөчө абал киргизилген. Калган жерлерде өзгөчө кырдаал режими иштеп жатат. Бул режимдердин эрежеси боюнча массалык иш-чаралар, анын ичинде спорттук турнирлер токтотулуп, коопсуздук үчүн залдар дагы карантинге жабылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0