Шыйракка жеди. Жылаңач аялдын полициянын автоунаасына чыгып алган видеосу

Жазылуу
Испаниянын Торремолинос шаарында коронавирустан улам обочолонуп жатканына нааразы болгон аял көчөдө токтоп турган полициянын автоунаасынын үстүнө чыгып кеткен.

Бул туурасында Daily Mail жазды. 41 жаштагы аялдын бул кылыгын маңдайкы көп кабаттуу үйдө ага байкоо салып турган адам тартып алган.

Видео YouTube каналына да жайгаштырылган. 

Чемпионата мира по футболу 2002 года - Sputnik Кыргызстан
Оюн тып токтоду. Футбол талаасына чуркап чыккан жылаңач аялдын видеосу
Окуя 11-апрелде кечки сегиздер чамасында болгон. Алгач "аял жергиликтүү тургундардын эпидемия менен күрөшкөн медиктерге ыраазылык билдирип кол чапканына тоскоол болгон" деп жазылат маалыматта.

Полиция күрөө акча төлөтүп, эркиндикке коё бергенден кийин кайра келип шашпай чечинип, полициянын машинасына чыгып кеткен. Андан соң тегерек-четтегилерге колун булгалаган.

Жерге түшкөндөн кийин полиция кармап кетүүгө аракет кылганда каршылык көрсөткөн. Ээ-жаа бербей, жулунуп жатканда полиция кызматкери желим таяк менен шыйракка чапканын видеодон байкоого болот. Андан соң бейбаш жашоочуну Тез жардам кызматы менен алып кетишкен. Маалыматта анын аты-жөнү жана кийинки тагдыры кабарланган эмес.

Буга чейин жай турмушта, футбол беттеши жүрүп жатканда оюн талаасына чуркап чыккан моделдин видеосу интернетке тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0