Видео муфтияттын расмий YouTube каналына жүктөлдү.
Токтомушев ыйык Рамазан айы карантинге туш келерин айтып, орозону үйдөн кармоого чакырган.
Учурда Орозо айынын так убактысы айтыла элек.
Ооз ачар жана ооз бекитүү убактысын Орозо-2020 календарынан көрсөңүз болот.
Эске сала кетсек, кечээ президент Кыргызстанда өзгөчө абал режимин 30-апрелге чейин узарткан Жарлыкка кол койгон.
"Россия Федерациясынын аймагында жашап, эмгектенип жаткан мекендештерге кайрылуу. Акыркы күндөрү Россия Федерациясынын аймагында мекендештерибиз "курьер" кызматында иштеп, баңгизатын мыйзамсыз ташууга көмөктөш болуп калган учурлар көп катталууда", — деп айтылат маалыматта.
ИИМ мыйзамсыз иштер адатта Россияда "Телеграмм" жана Hydro сайты аркылуу жүргүзүлүп жатканын билдирген.
"Мыйзамсыз буюмдарды ташууда: буюртма берүүчү тараптын буйругу менен белгиленген жерден мыйзамсыз заттарды алып, белгисиз кабыл алуучуга, тактап айтканда, жашыруун жайларга коюп кетүү болуп саналат. Бул кызмат "Телеграмм" жана Hydro сайты аркылуу жүргүзүлөт.
Тилекке каршы, биздин кээ бир мекендештер оңой жана тез аранын ичинде чоң акча табууну көздөп мыйзамсыз заттарды, буюмдарды ташып жатышат", — деп айтылат маалыматтарда.
Өкүлчүлүк курьерлик кызматка жамынып, баңгизатын мыйзамсыз жеткирүү менен алектенген жарандарга да кайрылып, эскертүү берген.
"Бул кооптуу ишти бир же эки жолу аткарып "мени кармаса курьермин деп кутулам же эч ким байкабаса, иштин жагдайларын билбесе кайра аткарсам болот" деген кыска түшүнүктөн алыс болуш керек! Себеби алыста үмүт артып, жол карап күткөн ата-эненин, бир туугандардын көз жашы да жардам бере албайт. Бул кылмыш үчүн Россиянын мыйзамдарында 20 жылга чейинки эркинен ажыратуу жазасы каралган. Мыйзамсыз жана өмүрүңүз үчүн кооптуу ишти жасаардан мурда терең ойлонуңуз, урматтуу мекендеш", — деп айтылат кайрылууда.
ИИМ бул кайрылуунун видео версиясын да жасап тараткан.
Лас-Вегаста өткөн UFC Fight Night 186 мелдешинин кызыктуу учурлары UFC Russia YouTube каналына жүктөлдү.
Турнирдин дагы бир маанилүү кармашында россиялык Магомед Анкалаев украиналык Никита Крыловду калыстардын бирдей чечими менен жеңген.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Эртең Бишкектин бир районунда суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Бишкектин "Ак-Босого-1", "Ак-Босого-2" суу тосмолорун оңдоо жана шаардык суу түтүктөрү тармагын жазга карата даярдоонун алкагында айрым көчөлөрдө суу токтойт.
"Эртең, 2-мартта, саат 09:00дөн кечки 18:00гө чейин Ак-Босого конушунда жана райондогу Сары-Челек, Нурек, Андижан жана Бухара көчөлөрүндө ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Ошондой эле №81 мектепте, №2 "Алтынай" балдар бакчасында, №14 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда, №15 милиция пунктунда жана №16 муниципалдык аймагында убактылуу суу жок болот", — деп айтылат маалыматта.
Конуш тургундары, социалдык мекемелердин баары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан кошумча эскертилери белгиленди.
Шаар бийлиги ичүүчү сууга байланышкан бардык маселелер боюнча 1533 бирдиктүү маалымат борборуна жана мэрияда үзгүлтүксүз иштеп жаткан 1840, 1850 номерлерине кайрылууга болорун айтты. Ал эми көйгөй боюнча сүрөт, видео материалдарды 0554 182-185 WhatsApp номерине салууга болот.