Арстандарды байкабай калган гиена жырткычтарга жем болду. Видео

598
Түштүк Африкадагы Крюгер коругуна баргандар арстандардын гиенага кол салган учурун видеого тартып алышкан.

Роликтин автору Марк Кронье аны жаратылыш паркынын YouTube каналына жарыялады.

Кроньенин айтымында, гиена суу ичкени бара жаткан. Ал жол жээгинде турган арстандарды байкаган эмес. Жырткычтар аны көрөрү менен артынан заматта кууп жетип, баса калышкан.

"Гиена арстандарды көргөндө биздин чатырды көздөй чуркады. Жаныбарлардын көпкө созулбаган кармашы бизден анча алыс эмес жерде болду", — деп жазган Кронье.

Түштүк Африкадагы Крюгер паркынын YouTube каналына жаныбарлардын бүйүр кызыткан ар кандай видеолору жарыяланып турат. Өткөндө арстандын азуусунан качып кутулган кабыландын видеосу тараган.

598
Белгилер:
кол салуу, арстан, гигиена
Тема боюнча
Таласта атылып, эки көзү тең көрбөй калган илбирске 50 миң сом бөлүндү

Комдонуп, кулакты жапырып. Кара кулак шердин жонунан тартылган видео

45
Америкадагы зоопарктардын биринде кара кулак шердин кантип чуркагандыгын, күүлөнгөндүгүн, дегеле кыймыл аракетин бир нече сантиметр жакындыктан көрсөтүп беришти.

Адатта бул жырткычтын жанына жолоого мүмкүн эмес экендиги баарына дайын. Бул туурасында "National Geographic Россия" сайты жазды.

Кара кулак шер мышык тукумундагы жаныбарлардын эң күлүгү. Үч секунда ичинде ылдамдыгын саатына 112 чакырымга жеткире алат, тагыраагы, тез күүлөнөт. Бир секундада өзүнүн тулку боюнан 16 эсе узун аралыкка чуркоого жөндөмдүү.

Цинциннати зоопаркынын кызматкерлери кызыккандарга сейрек видеону тартуулашты. Сейрек дегендин себеби, бир нече сантиметрден туруп, ошончолук ылдамдыкта, аны менен эч ким катарлаша чуркай албайт. Мындай мүмкүн да эмес, себеби жырткыч чоочун бирөөнү жанына жакын жолотпойт.

Зоопарк кызматкерлери кара кулак шердин бел жагына GoPro камерасын орнотуп, анын бир кадамын көрүүчүлөргө тартуулады. Аны карап турган адам жаныбардын кантип даярданып, кантип күүлөнүп, анан кантип атырыла чуркап бара жаткандыгына күбө боло алат.

45
Белгилер:
кара кулак, зоопарк, ылдамдык, видео, АКШ
Тема боюнча
Иранда иттерди COVID-19ду аныктоого үйрөтүшүүдө. Кызыктуу видео
Карантинден кийин көрүшкөн кожоюн менен эшектин эмоциясы. Видео

Жаакка муштап, көмкөрөсүнөн түшүрүп... UFC уюмундагы ыкчам жеңиштердин видеосу

43
Турнирине катышуу ар бир спортчунун кыялы болгон Абсолюттук мушкерлер уюму (UFC) өзүнүн тарыхындагы чагылгандай тез аяктаган жеңиштердин видеосун топтоп чыгарды.

Тасма промоутерлик компаниянын расмий YouTube-каналына жарыяланды.

Роликтин башында уюмдун тарыхында эң аз убакытта нокаут менен жеңишке жеткен мушкер Хорхе Масвидалдын беттеши көрсөтүлөт. Ал былтыр атаандашы Бен Аскренди секирип келип тизеси менен башка тээп, беш секунданын ичинде уткан. Буга чейин эң ыкчам нокаут 1996-жылы катталып, мушкерлердин кармашы сегиз секундага гана созулган.

Андан кийинки кадрда ирландиялык атактуу мушкер Конор Макгрегор. 13 секунда ичинде бразилиялык мушкер Жозе Алдуну жаакка муштап, чемпиондук курун тартып алганына күбө болосуздар.

Кыздардан Ронда Роузи 14 секунданын ичинде атаандашы Кэт Зинганонун колун кайрып утуп алган. Роузи UFC уюмунда чемпиондук курду тагынган алгачкы аял мушкер. Анын арты менен көп кыз-келиндер аралаш мушташка келгени айтылат. Соңку эки беттешинде нокаут менен утулгандыктан, карьерасын жыйынтыктаган.

Мындан сырткары уюмдун учурдагы жана экс-мушкерлеринин ар кандай ыкмалар менен ыкчам убакытта жеңишке жеткенин көрө аласыздар.

43
Белгилер:
видео, нокаут, жеңиш, UFC
Тема боюнча
Конор мыкты мушкерлерди атап, ага Хабибди кошкон жок. Атаандашынын жообу
Кэтлин Чукагян менен эми Антонина Шевченко беттешмей болду
Медицинский работник в госпитале для зараженных коронавирусной инфекцией COVID-19 в Черкесске, созданного на базе отдельного корпуса противотуберкулезного диспансера.

12 кишинин абалы оор, алтоо реанимацияда. Дарыланып жаткандардын абалы

0
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны кескин өсүп, бир суткада 74 адамдан вирус табылды. Муну менен жуктургандардын саны 1594кө жетти.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Өлкөдө коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен 12 кишинин абалы оор. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, ушу тапта коронавирус жуктуруп алган 512 бейтап ооруканада.

"Стационарда дарыланып жаткан бейтаптардан 12синин абалы оор. Ал эми жандандыруу бөлүмүндө алты киши жатат", — деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны кескин өсүп, бир суткада 74 адамдан вирус табылды. Муну менен жуктургандардын жалпы саны 1594кө жетти. Коронавирустан 1066 бейтап айыгып чыгып, тилекке каршы, 16 адам көз жумду.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

0