Чопулдатып сүт ичип. Америкада туулган эки баштуу карала улактын видеосу

Жазылуу
Өзгөчө улактын ээси Жоселин Нуэске эчкилеринин бири тууй албай кыйналып жатканын байкагандыгын, бир аздан кийин эки баштуу жандык жарык дүйнөгө келгенин айтып берген.

АКШнын Висконси штатындагы фермалардын биринде эки баштуу улак туулганын Daily Mail жазды.

Өзгөчө улактын ээси Жоселин Нуэске эчкилеринин бири тууй албай кыйналып жатканын байкагандыгын, бир аздан кийин эки баштуу жандык жарык дүйнөгө келгенин айтып берген.

Карала улактын видеосу YouTube каналына жарыяланган.

Нуэске улакка байыркы Рим кудайларынын бири Янустун атын коюп алган.

"Таңгалып калдым. Төрт буту, эки кулагы, төрт көзү жана эки мурду бар экен. Биз алты жылдан бери эчки багып келебиз. Жылына фермабызда 7000ге чукул улак туулат, бирок мындайды жолуктурган эмесмин", - дейт кыз.

Индияда эки баштуу, үч колдуу бала төрөлдү. Видео - Sputnik Кыргызстан
Индияда эки баштуу, үч колдуу бала төрөлдү. Видео
Кожоюндары бул өзгөчө жаныбарды этияттап бакканы менен көпкө жашай албайт деп билдиришкен. Анткен менен ветеринардык клиникадан текшертишкенде Янустун органдарынын башка жандыктардан өзгөчөлүгү деле байкалган эмес. Мал доктурлар илдет таппагандыгын айтышкан. Эки мээси, желкесинен бириккен эки баш сөөгү бар дешкен. Жүрөгү, өпкөсү, буттары кадимкидей иштээри да белгилүү болгон.

Видеодон улак сүттү эки оозу менен тең иче аларын көрүүгө болот.

Эки баштуу жаныбарлар түйүлдүк экиге бөлүнүп, эгиз катары аягына чейин калыптанбай калганда жаралат. Илимде бул мутация полицефалия деп аталат. Мындан жандыктар, тилекке каршы, бир нече ай гана жашайт. Эки мээ бир тулкуну башкара берет. Бирок полицефалияда мээлер бири-бири менен алышып отуруп, жаныбар кайда басарын, кайсыл тарапты көздөй багыт аларын билбей калары айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0