COVID-19 менен күрөшүү үчүн бардык кадамга барып. Индиядагы видео

Жазылуу
Индияда дүйнөдөгү эң кичинекей бойлуу аял коронавирустан улам жергиликтүү элди үйдө отурууга чакырды. Микрофон анын боюнан бир нече сантиметр эле узун болгон.  Бул туурасында Newsflare сайты кабарлады.

26 жаштагы индиялык актриса Жоти Амджинин бою болгону 62,8 сантиметр. Актриса өзүнүн боюнан бир аз эле узун болгон микрофонду кармап алып автоунаанын капотуна чыгып сүйлөп жатат.

Карантин бизге кеп бекен! Үйүн залга айландырып машыккан КР спортчулары. Видео - Sputnik Кыргызстан
Карантин бизге кеп бекен! Үйүн залга айландырып машыккан КР спортчулары. Видео
Жоти Амджи эл арасында бир топ эле таанымал болгондуктан, коронавируска каршы жасалган иш-чаранын бирин алып барган. Нагпур шаарынын жашоочуларын оорудан сактануу жана аны таратпаш үчүн үйдө отуруу зарылдыгын эскертип жатканын көрүүгө болот. Капоттогу актрисанын эки жагында полиция кызматкерлери турат.

Видеодон полиция кызматкерлери ага бир катар учурларды түшүндүрүп жатканын байкоого болот.

Коронавирус учурда Жер планетасынын дээрлик бардыгын каптады. Жонс Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун соңку маалыматына таянсак, дүйнө жүзүндө коронавирус жугузуп алгандардын саны 2 181 508 адамга жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0