ӨКМдин коронавирус менен күрөшүүдөгү салымы. Видеобаян

Жазылуу
СOVID-19 вирусу менен күрөшүү үчүн ӨКМ кызматкерлери күн сайын жүздөгөн жерди дезинфекциялап, обсервацияларды тейлеп, азык-түлүк ташып, күнү-түнү телефондон жарандарга маалымат берүүдө.

Мекеменин коронавирус менен күрөшүүдө жасап жаткан иштеринин видеобаяны расмий YouTube каналына жарыяланды.

Министр Замирбек Аскаровдун айтымында, вирус менен күрөшүүдө ар бир кызматкерге жоопкерчилик жүктөлгөн. Бирок оорунун очогунда иштеп жаткандары да эске алынып, жеке коопсуздугуна кам көрүлүп жатат.

Ситуация в Бельгии в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Кызыбызды сагындык... COVID-19 менен күрөшкөн кызматкерлердин үй-бүлөсүнүн баяны
ӨКМ кызматкерлери биринчи кезекте имараттардын ичи-тышын дезинфекциялоо иштерин жүргүзүп жатат. Алар жарандар көп бара турган объектилерде, тагыраагы, дүкөн, банк, базар жана дарыканаларда болуп жатат.

Ошондой эле мекеме тарабынан шаарларда жана региондордо обсервация жайлары уюштурулуп, анда жаткан адамдарга күн сайын үч маал ысык тамак берилүүдө.

Мындан тышкары куткаруучулар Мамлекеттик резервдер фонду жана башка мамлекеттер берген азык-түлүктөрдү жер-жерлерге жеткирип берүү кызматын аркалоодо.

Ал эми ӨКМдин 112 бирдиктүү номерине келген чалууларды диспетчерлер күнү-түнү тейлеп, миңдеген кишиге жооп кайтарышат. Жарандар коронавирус боюнча суроолор менен да көп кайрыла турганы белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0